Түрк Кеңешине мүчө мамлекеттер COVID-19 ылаңына каршы күрөштө терең кызматташтык рухун көрсөтүп жатышат. » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Түрк Кеңешине мүчө мамлекеттер COVID-19 ылаңына каршы күрөштө терең кызматташтык рухун көрсөтүп жатышат.



Түрк Кеңешине мүчө мамлекеттер COVID-19 ылаңына каршы күрөштө терең кызматташтык рухун көрсөтүп жатышат.

Түрк Кеңешинин Башкы катчысы Багдад Амреев Түрк Кеңешине мүчө мамлекеттердин ортосундагы кызматташтыкты, туруктуулукту жана биримдикти жогору баалап, эл аралык коомчулук COVID-19 менен күрөшүүдө макулдашылган жана чечкиндүү күч-аракеттерди жумшашы керек экендигин айтуу менен, дүйнөлүк коомчулук бул глобалдык кризиске каршы бирдиктүү иш-аракеттерди жасашы керектигин баса белгиледи. Ошондой эле ал кызматташуунун азыркы механизми Түрк Кеңешине мүчө мамлекеттерге макулдашылган аракеттерди көрүүгө мүмкүнчүлүк бергенин белгиледи.

Башкы катчы Түрк Кеңешине мүчө мамлекеттер, атап айтканда, Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Түркия, Өзбекстан, ошондой эле байкоочу катары  Венгриянын ооруган адамдарды өлүмгө дуушар кыла турган COVID-19 пандемиясынын кесепеттерин чечүүгө даяр экендигин билдирди.

Бул ылаң дүйнөлүк деңгээлде жайыла баштагандан бери, Түрк дүйнөсүнүн лидерлери бири-бири менен тыгыз байланышта болуп, тийиштүү министрликтерге жана мекемелерге жарандарын коопсуз эвакуациялоо, чек араларды жабуу, эл аралык каттамдарды токтотуу, маалымат жана тажрыйба алмашуу, ошондой эле медициналык жардам менен камсыз кылуу сыяктуу зарыл чараларды көрүүнү тапшырды.

Бул биргелешкен аракеттердин жана кызматташуунун алкагында Түркия боордош мамлекет Азербайжанга тесттик аппараттарын жиберди жана Азербайжан дартка чалдыккан алгачкы бейтаптарды диагностикалоо үчүн керектүү мүмкүнчүлүктөргө ээ болгон алгачкы өлкө болду.

Мындан тышкары, Түркия Бишкектеги Түркия жана Кыргыз Республикасы биргелешип башкарган Кыргыз-түрк достук ооруканасын Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан COVID-19 ылаңына каршы күрөшүүдө пайдаланууга макулдугун берди.

Андан тышкары, Өзбекстандын Президентинин демилгеси менен боордош кыргыз элине жардам үчүн  гуманитардык жардам жөнөтүлдү.

Ошондой эле Казакстандын Өкмөтү Кытай жана Индиядан келген кыргыз жарандарын аба аркылуу эвакуациялоого жардам берди.

Ушул оор мезгилде Түрк Кеңешине мүчө мамлекеттер Европада эпидемиянын жайылышына байланыштуу алгачкы жаңылыктардан кийин Венгрияга медициналык жардам көрсөткөн биринчи өлкөлөрдөн болду. Азербайжан, Өзбекстан жана Түркия Венгрияга медициналык багыттагы буюмдарды, анын ичинде зарыл болгон беткаптарды жөнөтүштү. Венгриянын Тышкы иштер министри Питер Шиярто 2020-жылдын 16-мартында жасаган билдирүүсүндө Түрк Кеңешинин мүчө мамлекеттерине ыкчам жардамы үчүн чын жүрөктөн ыраазычылыгын билдирди. Ошондой эле ал бул жардамдар түрк дүйнөсү менен бекем тилектештиктин дагы бир конкреттүү көрсөткүчү экендигин белгилеп өттү.

Мындан тышкары, Түркиянын жеке бизнес чөйрөсү Казакстанга колдоо көрсөттү. Анкарада жайгашкан түркиялык "YDA Group" компаниясынын медициналык материалдарды, бет маскаларды, коргоочу көз айнектерди жана кол каптарды камтыган жардамы Казакстандын көптөгөн ооруканаларына өткөрүлүп берилди.

Башкы катчы Багдад Амреев Түрк кеңешине мүчө мамлекеттердин ортосунда туруктуу кызматташууга жана бекем кызматташуу мындан кийин да улана берет деп билдирди. Ал түрк дүйнөсү COVID-19га каршы жүргүзүлүп жаткан глобалдык күрөштө башка эл аралык коомчулук менен тилектеш болот деп бекем ишенерин айтып өттү. Башкы катчы түрк тилдүү мамлекет башчылары учурдагы кырдаал боюнча жогорку деңгээлдеги өз ара пикир алышып, кыйынчылыктарды биргелешип жеңүү үчүн орток аракеттенип, кошумча чараларды көрүшү зарыл деди.

 

Түрк кеңеши

Түрк Кеңешине мүчө мамлекеттер COVID-19 ылаңына каршы күрөштө терең кызматташтык рухун көрсөтүп жатышат.

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться