Эл аралык сармерден оюнy » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Эл аралык сармерден оюнy

Эл аралык сармерден оюнy



03.03.2020 Кыргыз-Түрк "Манас" университетинде(КТМУ) "Эл аралык Сармерден" оюну болуп өттү. Ага Өзбек, түрк, монгол ж.б улуттардын өкүлдөрү катышты.

Ал эми оюнга көз салып, өз баасын берген калыстар тобу КТМУнун ректору, проф. доктор Себахаттин Балжы,
КТМУнун проректору проф. доктор Анварбек Мокеев, КТМУнун проректору проф. доктор Исмаил Шен, КТМУнун Гуманитардык факультетинин деканы проф. доктор Лайли Үкүбаева,
КТМУнун Көркөм өнөр факультетинин деканы, КРдин эл артисти Анарбек Ибраев болушту.

Оюндун жүрүшүндө ар улуттан топтолгон кыз-жигиттер обондуу ырларды ырдап, күү чертишип, макал айтышып, табышмак катышып, жана жаңылмачтан күчүн сынашты.

Бири-биринен калбаган кыз-жигит тайпалары мыкты оюн көрсөтүп, калыстар тобунун мактоо сөздөрүнө татып, келген көрүүчүлөрдү тамаша-күлкүгө бөлөштү.

Кошумчалай кетсек, оюндун уюштуруучуларына ыраазычылык сертификаты тапшырылып, оюн жыйынтыгы тең болду.

Жазган:Нурайым Кудабаева 


Загрузка плеера...


Эл аралык сармерден оюнy

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться