Шамиль Бекбосун уулунун автопортрети » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Шамиль Бекбосун уулунун автопортрети

Шамиль Бекбосун уулунун автопортрети



25.02.20 "Автопортрет" уктуруусунда Шамиль Бекбосун уулу мейманда болду. 

    Мейманыбыз студияга кирери менен: "Мен өзүм койгон сүрөтчү болуп эмгектенем. Съемка боло турчу жерди жасалгалайм. Сиздердин студия мага аябай жакты,-" деп кебин баштады. 

    "Балалыгым саякатка өтө бай. Эң кызыктуу ирмемдери Нарында өттү. Эсимде, жаңы мектепке барганда ак жуумал болгонума байланыштуу окуучулар мени шаардык бала деп ойлоп, мага башкача карашчу. Мектеп курагында жакшы окугандардын катарын толуктачумун. Сүрөт сабагы жакчу эмес,"- деп баяндагын мейманыбыз сүрөттү жакшы тартарын айтып өттү. 

   "Кесибим кино тармагына байланыштуу болгондуктан бош убактымда кино көргөндү жактырам. Командабыз менен бир нерсенин үстүнөн иштеп жатканда ар кандай тармакта иштей берем, роль тандабайм. Бала бакканды жакшы билем. Келечекте балалуу болсом келинчегим үйдө болбой калган учурларда баламды өзүм эле багып кете аларыма көзүм жетет,"-деген коногубуз угармандардын бир да суроосун жоопсуз калтырган жок.

 

Маекти толугу менен YouTube баракчабыздан көрүңүз. 

 

Маектешкен: Жоомарт Шайдылдаев

Жазган:Шайыр Бакытбекова 

 


Загрузка плеера...


Шамиль Бекбосун уулунун автопортрети Шамиль Бекбосун уулунун автопортрети Шамиль Бекбосун уулунун автопортрети Шамиль Бекбосун уулунун автопортрети

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться