Чачка туура кам көрүү » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Чачка туура кам көрүү

Чачка туура кам көрүү



Жаз айынын жакындашы менен ар бир айым озгочо кубулуп, ботончо сулуулукка ээ болгусу келет. Мына ушул кезде кыш мезгилинен кийин идеалдуулугун жоготкон чачтарыбызга озгочо кам коруу зарылдыгы пайда болот. Чачыбызды кантип мыкты абалга алып келебиз?

Бул багыттагы кенештер сиздер учун

 

 

   Чачтын учтарынын эки ача болушу дээрлик бардык айымдарга тааныш койгой. Ачакей учтары чач жасалганын коркун бузгандыктан, бул жагымсыз жагдайды жаратат. Адистердин айтымында, чачтын учу эки ача болгон мезгилде аны ысытылган кайчы менен тегиздеп кыркуу зарыл. Бул дарылоо таасирин берип, алгачкы процедурадан сон натыйжасы байкалат жана узак убакытка чейин ачакей болбойт.

 

 

Чачты азыктандыруучу шампундар.

 

Кургак жана алсыз чачтарга кам коруудо кошумча азыктандыруу абдан маанилуу. Жазында кошумча азык берип, нымдандыруучу шампундарды колдонуу зарыл. Шампунь менен жууган сон, чайкоочу бальзамды колдонсо, чач жалтырап жана жумшарып калат. Шампунду тандоого абдан жооптуу мамиле жасоо керек. Алсак, чачыныз боёлгон болсо, тиешелуу белгиси бар шампунду алганыныз он.

 

Чачтын осушун кантип тездетууго болот?

 

Бул учун баштын терисине жасалган пилинг же скраб жардам берет. Аларды атайын адистешкен дукондордон сатып алса же уй шартында даярдап алууга болот. Алсак, чач пилинги учун 2-3 аш кашык Дениз же ашкана тузуна ушундай олчомдогу суу куюп, аны чачка жана баштын терисине суртот. Башты 10 мунот манжа учтары менен укалоо керек. Андан сон дагы 10 мунотко калтыруу шарт. Ушундан кийин шампундап жылуу суу менен жууп, чайкап коёсуз.

 

Чачка арналган маскалар.

 

Маскалар чачтын абалына жараша колдонулат. Мисалы, майлуу же кургак, алсыз же тушуп жаткан чачка колдонуучу ар турдуу косметикалык жана элдик каражаттар бар. Алардын ичинен бардык турдогу чачтар учун бал-туз маскасын колдонууга болот. Ал учун 0,75 стакан арак же коньякка 1 аш кашык бал, 1 аш кашык дениз тузун аралаштырып , 2 жума карангы жана салкын жерде сактайт. Андан сон аралашманы баштын терисине суйкоп, жылуу сулгу менен 1 саатка ороп коёсуз. Процедураны жуулбаган чачтарга жасайт. Акырында жылуу суу менен шампундап жууп, чайкап коюу керек. Натыйжада, чачыныз жалтылдап, калындайт.

 

Жазган: Насипа Айбекова


Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться