Азамат Исмаилов: "Ар ким өз ишинин мыктысы болсун" » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Азамат Исмаилов: "Ар ким өз ишинин мыктысы болсун"

Азамат Исмаилов: "Ар ким өз ишинин мыктысы болсун"



    28.01.2020  "Автопортрет "уктуруусун кезектеги коногу шоу-бизнес жаатында өзгөчө орду бар, бир учурда     ырчы , тамашоучу, актёр жана режиссёр боло алган "сакадай бою  сары алтын" Азамат Исмаилов болду.
    Эфирдин жүрүшүндө угармандардан келген суроолорго жооп берип эле тим болбостон, ар бир суроо берген угарманга "Перекупщик" тасмасына билеттерди белек катары таштап кетти.
       "Эгер Маданият министри болсоңуз эмне кылмаксыз?" - деген угармандын суроосуна : " Маданиятка тиешеси бар баарын чогултуп, ар ким өз ишин так аткарсын, ошондо маданият оңолот"-демекмин деген жообун узатты.
      Угармандардын суранычы менен "Келин келгенский" атуу ырын жандуу үн менен аткарып, дагы жазылуу ыры бар экенин, жакында жарыкка чыгарып угармандарды кубантаарын айтып өттү.
       Азамат Исмаилов эфирдин жыйынтыгында :"Кыргызстанга салым кошуу-ар бирибиздин милдетибиз, ал милдетти аткаруу үчүн баарыбыз бирге аракет кылалы"-деп , Искак Раззаковдун "Сен таза болсоң, мен таза болсом, коом да таза болот"-деген сөзү менен жыйынтыктады.

Маектешкен: Шайыр Бакытбекова
                           Жоомарт Шайдылдаев

Жазган: Айзирек Паязханова.

Азамат Исмаилов: "Ар ким өз ишинин мыктысы болсун" Азамат Исмаилов: "Ар ким өз ишинин мыктысы болсун" Азамат Исмаилов: "Ар ким өз ишинин мыктысы болсун"

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться