Эртең менен кандай азыктар пайдалуу жана кайсы азыктарды колдонууга болбойт? » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Эртең менен кандай азыктар пайдалуу жана кайсы азыктарды колдонууга болбойт?

Эртең  менен кандай азыктар пайдалуу жана кайсы азыктарды колдонууга болбойт?



Йогурт, куурулган жумуртка, апельсиндин ширеси көпчүлүк адамдар эртең мененки тамактануунун эталону деп эсептешет.  Бирок тилекке каршы, бул азыктардын баары эле биздин организмге пайдалуу боло бербейт.

    Ар бирибиз эле жаңы бышкан круассанды кыялданабыз. Анын курамында ачыткыч болгондуктан, эртең мененки тамактанууга сунушталбайт. Анын ордуна ачыткычы жок жасалган кара нанды сунуштайбыз. Эртең менен таттуулардан да баш тартууга туура келет. Сахар кандагы инсулиндин деңгээлин жогорулатып, ашказанга оорчулук жаратат. Таттууларды балга алмаштырыңыз. Бал - организмдин ойгонуусун тездетип, энергия менен камсыздайт.

    Дагы бир коркунучтуу азыктардын катарына йогурт кирет. Ооба, сиз жакшы көрүп жеген йогурт. Йогурт кычкыл сүттүү азыктарга киргендиктен, ачка организмге болбойт, ал ашказандагы пайдалуу бактерияларды жок кылат. Анын ордун куурулган жумурткага(яичницага) алмаштырыңыз. Илимий изилдөөлөрдүн жыйынтыгы көрсөткөндөй жумуртка башка калориялуу азыктарды аз өлчөмдө колдонушуңузга шарт түзөт.

    Жайкысын таң эрте дарбыз менен тамактануу өтө пайдалуу. Дарбыз организмди жетиштүү суюктук менен камсыздайт. Помидорду да эртең мененки рациондон чийип салыңыз. Курамында дубилдүү кислота болгондуктан организмде кычкылдануу ну пайда кылат. Помидордун ордуна жүгөрүдөн жасалган ботко бир топ тоюмдуу жана пайдалуу. Жүгөрү боткосу организмдеги токсиндердин чыгарууда жана ичегилердин ишин жакшыртууда чоң роль ойнойт.

Жазган: Каныкей Каныметова

 

Эртең  менен кандай азыктар пайдалуу жана кайсы азыктарды колдонууга болбойт?

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться