Университетибиздин 2019-жылдагы Кочкор археологиялык экспедициясынын отчеттук программасы уюштурулду » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Университетибиздин 2019-жылдагы Кочкор археологиялык экспедициясынын отчеттук программасы уюштурулду



2019-жылдын 4-декабрында Касым Тыныстанов атындагы жыйындар залында университетибиздин археологиялык изилдөөлөрүнүн жыйынтыктарын таанытуу программасы өткөрүлдү. Программага ректор Проф. Др. Себахаттин Балжы, ректор жардамчылары Проф. Др. Анварбек Мокеев жана Проф. Др. Хусеин Өгүт, Тарых бөлүмүнүн окутуучулары жана студенттери катышты.

Белгилүү болгондой Кыргыз-Түрк “Манас” университети 2008-жылдан бери Кыргызстандын ар кайсы региондорунда максаттуу археологиялык изилдөөлөрүн жүргүзүп келет. Бул изилдөө иштеринин алкагында университетибиздин Тарых бөлүмүнүн студенттери аудиторияда алган теориялык билимдерин практика жүзүндө бекемдешет. 2019-жылдын июнь-июль айларында Проф. Др. Кубатбек Табалдиев жетектеген университетибиздин археологиялык тобу Кочкор районундагы Кара-Суу, Кум-Дөбө жана Кызыл-Дөбө айылдарына жакын жайгашкан тарыхый-маданий эстеликтерди изилдешти.

Отчеттук программаны археологиялык изилдөөнүн жетекчиси Проф. Др. Кубатбек Табалдиев ачып берди. Ал өз сөзүндө, быйылкы изилдөөлөрдүн учурунда жаңы археологиялык эстеликтердин ачылгандыгын кабарлады. Алардын бири Кара-Тумшук көрүстөнү болуп саналат. Бул жерде аткарылган казуулардын натыйжасында коло дооруна таандык бир катар чопо идиштери жана сөөк коюу салтын чагылдырган табылгалар табылды. Проф. Др. Кубатбек Табалдиев келечекте бул аймакта чет элдик адистер менен кызматташтыкта археологиялык изилдөөлөрүнүн уланаарын белгиледи.

Таанытуу программасында быйылкы археологиялык изилдөөлөрдүн жыйынтыктары тууралуу кыска метраждуу документалдык фильм көрсөтүлдү. Фильмде жеке эле археологиялык эстеликтер жана табылгалар тууралуу эмес, алардын тарыхый мааниси жана чечмелениши боюнча айрым илимий пикирлер айтылды.

2019-жылдагы археологиялык изилдөөлөрүнүн жүрүшү тууралуу Гуманитардык факультетинин имаратындагы 2-кабатта фото-көргөзмө ачылды. Көргөзмөдө жаңы табылган табылгалар – чопо идиштер, таш жаргылчактар, ийик таштар, сөөктөн жасалган буюмдар – көрсөтүлдү. Бул табылгалардын эң байыркысы орто палеолит мезгилине (болжолу 60 миң жыл илгери), ал эми эң “жашы” XII кылымдарга таандык.

Отчеттук программада Тарых бөлүмүнүн айрым студенттери доклад жасашты. Мисалы, Жанона Шамшиева Кара-Суу айылында “Балага ат коюу”, “Баланы киринелөө”, “Көз тийүүдөн сактануу” жана “Боюнда бар аялдарга болгон тыюулар” сыяктуу ырым-жырымдар тууралуу жергиликтүү тургундардан алган маалыматтары менен бөлүштү. Ал эми Жумабекова Айсулуу жана Кубанычбекова Махабат жапон консервация адистеринен алган теориялык жана практикалык билимдери менен бөлүштү. Аталган студенттер учурда Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Археологиялык жана этнографиялык музей-лабораториясында Кочкор районунда табылган табылгалардын реставрация жана консервациясын аткарып жатышкандыгы тууралуу маалымдашты.

Программанын соңунда Ректор Проф. Др. Себахаттин Балжы тарыхыбызды билүү үчүн археология илимининин чоң ролу болгондугун жана тарых адистиги боюнча билим алып жаткан студенттер үчүн бул изилдөөлөргө катышуу маанилүү экендигин белгиледи. Ректор археологиялык изилдөөлөргө университетибиз тарабынан чоң маани берип келгендигин белгилеп, келечекте бул багыттагы иштердин колдоого алынаарын маалымдады.

Отчеттук программа археологиялык экспедицияга катышкан студенттерге сертификат берүү аземи менен аяктады.

Университетибиздин 2019-жылдагы Кочкор археологиялык экспедициясынын отчеттук программасы уюштурулду Университетибиздин 2019-жылдагы Кочкор археологиялык экспедициясынын отчеттук программасы уюштурулду Университетибиздин 2019-жылдагы Кочкор археологиялык экспедициясынын отчеттук программасы уюштурулду Университетибиздин 2019-жылдагы Кочкор археологиялык экспедициясынын отчеттук программасы уюштурулду Университетибиздин 2019-жылдагы Кочкор археологиялык экспедициясынын отчеттук программасы уюштурулду Университетибиздин 2019-жылдагы Кочкор археологиялык экспедициясынын отчеттук программасы уюштурулду Университетибиздин 2019-жылдагы Кочкор археологиялык экспедициясынын отчеттук программасы уюштурулду Университетибиздин 2019-жылдагы Кочкор археологиялык экспедициясынын отчеттук программасы уюштурулду Университетибиздин 2019-жылдагы Кочкор археологиялык экспедициясынын отчеттук программасы уюштурулду Университетибиздин 2019-жылдагы Кочкор археологиялык экспедициясынын отчеттук программасы уюштурулду Университетибиздин 2019-жылдагы Кочкор археологиялык экспедициясынын отчеттук программасы уюштурулду Университетибиздин 2019-жылдагы Кочкор археологиялык экспедициясынын отчеттук программасы уюштурулду Университетибиздин 2019-жылдагы Кочкор археологиялык экспедициясынын отчеттук программасы уюштурулду Университетибиздин 2019-жылдагы Кочкор археологиялык экспедициясынын отчеттук программасы уюштурулду Университетибиздин 2019-жылдагы Кочкор археологиялык экспедициясынын отчеттук программасы уюштурулду

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться