КЫРГЫЗ УЛУТТУК ЖАЗУУЧУЛАР СОЮЗУ 85 ЖАШТА! » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

КЫРГЫЗ УЛУТТУК ЖАЗУУЧУЛАР СОЮЗУ 85 ЖАШТА!

Бүгүн Кыргызстанда улуттук адабият күнү. БАшка кесиптин ээлери кесиптик майрамын күткөн сымал, акын-жазуучулар дагы бул күндү чыдамсыздык менен күтүшөт. Себеби жылда бир ирет болсо дагы чоң масштабда чогулууга, баарлашууга мүмкүнчүлүк бар экенин билишет. 

Бул ирет Улуттук адабият күнү менен бирге Улуттук Жазуучулар Союзунун 85 жылдыгы дагы чогуу белгиленип, аталган иш чара борбордогу "А.Малдыбаев" атындагы опера жана балет театрынын чоң залында болуп өттү. 

Мааракеге Кыргыз Улуттук жазуучулар Союзунун Бишкектеги жана аймактарга жашаган мүчөлөрү, адабияттын эл жазуучуларынан тартып, жаңы колуна калем кармап чыгып келаткан жаш акындарына чейин кашышышты. 



                 Кыргыз Улуттук Жазуучулар Союзу - 1927-жылы Кыргыз борбордук педтехникумунда уюшулган чыгармачыл жаштардын «Кызыл учкун» адабий ийриминин негизинде 1930-жылы Пролетарлар жазуучуларынын кыргыз ассоциациясы катары түзүлүп, 1933-жылы Кыргызстан Кеңеш жазуучулар союзу, 1934-жылы Кыргызстан жазуучулар союзу деген аталыш менен кайра уюштурулган. (ky.wikipedia.org)

 

                  Кече мына ушундай маалыматтарды берген даректүү тасма менен башталды. Андан соң  КРнын Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары, жазуучу, драматург Кайрат Иманалиев сахнага чакырылып, министрдин атынан акын-жазуучуларды куттуктап кетти. 

 

                  КРнын Президенти Сооронбай Жээнбековдун атайы жазуучуларга деген куттуктоосун Кыргыз Эл жазуучусу, президенттин кеңешчиси Султан Раев эл алдына чыгып жаңыртты. Андан сырткары жазмакер катары калемдештерин куттуктап, эки негизги нерсеге токтолуп кетти:

1. Азыркы таптагы Кыргыз Улуттук Жазуучулар Союзу колдонуп жаткан имаратты толугу бойдон союзга өткөрүп берүү иш аракети;

2. 12-декабрды Айтматов күнү деп гана белгилеп, ал эми улуттук адабият күнү деп Жазуучулар Союзунун түзүлгөн датасын куттуктоо керек маселеси;

                 

                   Кийинки куттуктоо кезеги КРнын Жогорку Кеңешинин спикери Дастан Жумабековдун атынан ЖКнын аппарат жетекчиси Самат Ибраевге ыйгарылды. Самат Ибраев спикердин куттуктоосун жаңыртуу менен бирге адабиятка кошкон салымы үчүн:

1. КРнын Улуттук китепканасынын башчысы Жылдыз Бакашованы

2. Кыргыз Улуттук Жазуучулар Союзунун мүчөсү Өктөм Мамаеваны КРнын Жогорку Кеңешинин атайын энчиленген кол сааты менен сыйлады. 

 

                   Ал эми Улуттук Жазуучулар Союзунун учурдагы жетекчиси Нурлан Калыбеков майрамдык сөзүндө КРнын Президенти Сооронбай Жээнбеков менен жеке жолуккандыгын, ушул кечеге келиш керек болгонун, бирок чет жердеги иш сапарынан улам катыша албай калгандыгын, жаңырган жылдын январь айында чыгармачыл интеллегенция менен бир күн белгилеп сөзсүз жолуга тургандыгын айтып өттү. 

 

                   Мааракенин илгерилеген сааттарында адабий сынчылардын атынан академик Абдыганы Эркебаев, илимпоздордун атынан Осмон Тогузаков сөзгө чакырылып, олтурган жазуучу-акындар куттуктоолору менен пикирлерин угушту. 

 

                   Кыргыз Улуттук Жазуучулар Союзунун 85 жылдык мааракесинин урматына жана Улуттук адабият күнүн утурлай жыйналган учур адабиятынын улуу-кичүү өкүлдөрү андан ары Бишкек шаардык мэриясынын оркестринин коштоосундагы атайы даярдалган концертке күбө болуп кайтышты. 

 

МедиаМанас, Жылдызбек Турсунбаев 

КЫРГЫЗ УЛУТТУК ЖАЗУУЧУЛАР СОЮЗУ 85 ЖАШТА! КЫРГЫЗ УЛУТТУК ЖАЗУУЧУЛАР СОЮЗУ 85 ЖАШТА! КЫРГЫЗ УЛУТТУК ЖАЗУУЧУЛАР СОЮЗУ 85 ЖАШТА! КЫРГЫЗ УЛУТТУК ЖАЗУУЧУЛАР СОЮЗУ 85 ЖАШТА! КЫРГЫЗ УЛУТТУК ЖАЗУУЧУЛАР СОЮЗУ 85 ЖАШТА! КЫРГЫЗ УЛУТТУК ЖАЗУУЧУЛАР СОЮЗУ 85 ЖАШТА! КЫРГЫЗ УЛУТТУК ЖАЗУУЧУЛАР СОЮЗУ 85 ЖАШТА! КЫРГЫЗ УЛУТТУК ЖАЗУУЧУЛАР СОЮЗУ 85 ЖАШТА!

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться