КТМУ билим берүү министрлигине китеп белек кылды » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

КТМУ билим берүү министрлигине китеп белек кылды



“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил жөнүндө”мыйзамдын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына арналган иш-чаранын алкагында Республикалык “Сейтек” балдар жана өспүрүмдөр  борборунда бүгүн “Манас таануу” тил таймашынын жана “Бөбөк сенин жомогуң” кароо-сынагынын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктар тапшырылды.

Аталган таймаш жеңүүчүлөрүнө баалуу сыйлыктардын арасында КТМУнин Түрк цивилизация борбору тарабынан даярдалып жарык көргөн “Түрк элдеринин жомоктору” китептери бар.

Бир жыл боюу өткөрүлгөн тил таймашы, кароо-сынактын  жеңүүчүлөрүнө сыйлыктарды президентке караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Назаркул Ишекеев, билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова, коомдук теле радио компаниянын жетекчиси Жайнак Үсөн уулу тапшырышты. Аталган“Бөбөк сенин жомогуң” кароо-сынагы, “Манас таануу” тил таймашы өндүү иш-чараларды КТРК, билим берүү жана илим министрлиги, мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия өнөктөш иш алып барышты.

  Иш чарада сүйлөгөн сөзүндө КТМУ ректору профессор, доктор Себахаттин Балжы  түрк элдеринин теги бир экенин айтып эне тилибизди өнүктүрүүгө ар бир адам салым кошуусу керек деп билдирди.

“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил жөнүндө”мыйзамдын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына арналган иш-чаранын алкагында өткөн бул тил жарыш, таймаштын  жеңүүчүлөрүнө белек катары КТМУнин Түрк цивилизация борбору тарабынан даярдалып жарык көргөн “Түрк элдеринин жомоктору”китебин берди. Муну менен катар эле КТМУ ректору Себахаттин Балжы университет тарабынан жарык көргөн “Түрк элдеринин жомоктору” китептеринин 750 даанасын өлкөнүн билим берүү министрлигине белек катары тапшырды.

 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил жөнүндө”мыйзамдын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына арналган иш-чаранын алкагында бир жыл боюу өткөн кесиптик билим берүү мекемелери арасындагы “Манас таануу” тил таймашынын баш байгесин Кыргыз-Түрк Анадолу кыздар кесиптик лицейинин командасы жеңип алды.


Загрузка плеера...


КТМУ билим берүү министрлигине китеп белек кылды КТМУ билим берүү министрлигине китеп белек кылды КТМУ билим берүү министрлигине китеп белек кылды КТМУ билим берүү министрлигине китеп белек кылды КТМУ билим берүү министрлигине китеп белек кылды КТМУ билим берүү министрлигине китеп белек кылды КТМУ билим берүү министрлигине китеп белек кылды КТМУ билим берүү министрлигине китеп белек кылды КТМУ билим берүү министрлигине китеп белек кылды КТМУ билим берүү министрлигине китеп белек кылды КТМУ билим берүү министрлигине китеп белек кылды КТМУ билим берүү министрлигине китеп белек кылды КТМУ билим берүү министрлигине китеп белек кылды

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться