АКЫНДАР КИТЕПКЕ ЧАКЫРАТ! » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

АКЫНДАР КИТЕПКЕ ЧАКЫРАТ!

КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин колдоосу менен уюштурулган Улуттук Жазуучулар Союзунун 85 жылдыгына жана

"#КИТЕПКӨЙКЫРГЫЗСТАН " китеп окуу жумалыгынын алкагында " Акындар Китепке чакырат" аттуу поэзия кечеси болуп өттү!



10-декабрь, 2019-жылы Бишкектеги "А.Малдыбаев" атындагы Опера жана Балет театрынын малахит залында болуп өткөн иш чарага КРнын Маданият, маалымат жана Туризм министри Жаманкулов Азамат, министрдин кеңешчиси Усенов Урмат, КРнын Улуттук Жазуучулар Союзунун төрагасы Калыбеков Нурландар катышышты. 

90 мүнөт аралыгына созулган поэзия кечесинде акындар:

Тынчтыкбек Нурмамбетов,

Алтынбек Исмаилов,

Жылдызбек Турсунбаев,

Бердибек Жамгырчиев,

Максат Жангазиев,

Рыскүл Изатовалар чыгып бирде жүрөк дирилдеткен лирикалуу ырларын окушса, бирде көрүүчүлөрдү журтсүйөрлүк сезимдерге үндөгөн образдуу ырларын жатка айтып көпчүлүктүн бүйүрүн кызытышты. 

Сөз ыйгарылган учурда  КРнын Маданият, маалымат жана Туризм министри Азамат Жаманкулов мырза дагы 5-12 декабрь аралыгында "Китепкөй Кыргызстан" жумалыгын жарыялаганын айтып, жаштарды китеп окууга үндөп, көп китеп окуу гана алардын жаркын келечегин түзөөрүн баса белгилеп, кебинин соңунда поэзия кечесине дем кошуп Бердибек Жамгырчиевдин "Адамга" деген ырын көркөм окуп кетти. 

Ал эми  КРнын Маданият, маалымат жана Туризм министринин кеңешчиси Урмат Усенов болсо аталган кечеден абдан чоң ырахат алгандыгын, мындай поэтикалык кечелердин дагы көп-көп уюштурулуп туруш керек экендигин, акындардын эргүүлөрүн угуп олтуруп жаш муундун дүбүртү күчтүү экенине ынангандыгын, Алыкул, Темиркул, Аалы, Жолон, Турар, Райкан сыяктуу акындардын элесин ошол залдан көргөн сыяктуу болгондугун айтып өттү. 

Жолугушуу соңунда сөзгө чыккан КРнын Улуттук Жазуучулар Союзунун төрагасы Нурлан Калыбеков болсо 12-декабрдагы улуттук адабият күнүнө карата уюштурулуп жаткан бир катар иш чарага жаштарды чакырып, акыркы мезгилдерде жаштардын адабият менен анча кызыкдар болбой жаткандыгына токтоло кетти. 

Эскерте кетсек Кыргызстанда 12-декабрь залкар жазуучу Айтматовдун урматына улуттук адабият күнү катары жарыяланган. Ал 2011-жылдан тарта өкмөттүн чечиминин негизинде белгиленип келет.

Ыр кеченин соңунда акындар менен ыр сүйүүчүлөр сүрөткө түшүп тарашты.

 

МедиаМанас, атайы кабар

 

АКЫНДАР КИТЕПКЕ ЧАКЫРАТ! АКЫНДАР КИТЕПКЕ ЧАКЫРАТ! АКЫНДАР КИТЕПКЕ ЧАКЫРАТ! АКЫНДАР КИТЕПКЕ ЧАКЫРАТ! АКЫНДАР КИТЕПКЕ ЧАКЫРАТ! АКЫНДАР КИТЕПКЕ ЧАКЫРАТ! АКЫНДАР КИТЕПКЕ ЧАКЫРАТ! АКЫНДАР КИТЕПКЕ ЧАКЫРАТ! АКЫНДАР КИТЕПКЕ ЧАКЫРАТ!

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться