Көркөм өнөр факультетинде семинарлар улантылууда » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Көркөм өнөр факультетинде семинарлар улантылууда

2016-жылдын 14-15-мартында Көркөм- нөр факультетинин Театралдык өнөр бөлүмүнүн студенттери үчүн “Маска жана маска менен сахнада ойноо” семинары өттү.



2016-жылдын 14-15-мартында Көркөм- нөр факультетинин Театралдык өнөр бөлүмүнүн студенттери үчүн “Маска жана маска менен сахнада ойноо” семинары өттү.

Стамбулдун Бакыркөй шаардык театрында драматург жана актер катары эмгектенип келген Ырмак Бахчежи Кыргыз-Түрк “Манас” университеинин студенттерине маска жана маска менен сахнада ойноо тууралуу кеңири маалымат берди.

Ырмак Бахчежи аталган семинарда актерлордун мимика, жест жана кыймыл- аракеттери өзгөчө көрүнүктүү жана күчтүү болушунун зарылдыгын белгиледи. Ал ошондой эле масканын тарыхы тууралуу айтып, учурда маска театрларда кичинекей балдарга арналган оюндардан тартып чоң драмаларга чейин кеңири колдонуларын айтты. Андан соң масканы чийип жасоо жана боео этаптарын иш жүзүндө көрсөтүп берди.

Көркөм өнөр факультетинин дагы бир маанилүү иш-чарасы 9-10-март күндөрү өтүп, “Кастинг жана кастинг оюнчулугу” темасына арналды. Түркиянын бир топ тасмаларында режиссердун жардамчысы болуп иштеп келген Дилек Ийигүн 2 күн сүргөн семинардын жүрүшүндө студенттерге актердук чеберчилик жана камера артындагы эске алынчу маанилүү жагдайлардан айтып берди.

Семинардын соңунда Түркияда тартылып, популярдуулукка ээ болгон “Anadolu Kartalları” (Анадолу бүркүттөрү) тасмасындагы аял менен эркектин ролдору анализге алынды. 10-мартта студенттердин арасынан каалоочулар Дилек Ийигүн менен бетме-бет ‘cast’ маектешүүсүн аткарып көрүштү.

Андан соң Түркиянын жана дүйнөнүн көрүнүктүү актерлорунун ‘casting’ видеосун чогу көрүшүп, Дилек Ийигүн сахнадагы жана тасмадагы роль жаратуунун айырмаларын айтып берди.  “Тасмага караганда театрда роль жаратуу кыйыныраак. Театрда ойноп жаткан актер энергиясын туура бөлүштүрүп, өзүн оюндун аягына чейин жандуу кармоосу өтө маанилүү”,-деди Дилек Ийигүн.

 

Радио-Тв мүдүрлүгү,

ММК жана коомчулук менен байланыш бюросу

 

Көркөм өнөр факультетинде семинарлар улантылууда Көркөм өнөр факультетинде семинарлар улантылууда Көркөм өнөр факультетинде семинарлар улантылууда Көркөм өнөр факультетинде семинарлар улантылууда Көркөм өнөр факультетинде семинарлар улантылууда Көркөм өнөр факультетинде семинарлар улантылууда Көркөм өнөр факультетинде семинарлар улантылууда Көркөм өнөр факультетинде семинарлар улантылууда Көркөм өнөр факультетинде семинарлар улантылууда Көркөм өнөр факультетинде семинарлар улантылууда Көркөм өнөр факультетинде семинарлар улантылууда Көркөм өнөр факультетинде семинарлар улантылууда Көркөм өнөр факультетинде семинарлар улантылууда Көркөм өнөр факультетинде семинарлар улантылууда Көркөм өнөр факультетинде семинарлар улантылууда Көркөм өнөр факультетинде семинарлар улантылууда Көркөм өнөр факультетинде семинарлар улантылууда Көркөм өнөр факультетинде семинарлар улантылууда Көркөм өнөр факультетинде семинарлар улантылууда Көркөм өнөр факультетинде семинарлар улантылууда

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться