2- Эл аралык педогогикалык маселелер боюнча конгресс болуп өттү » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

2- Эл аралык педогогикалык маселелер боюнча конгресс болуп өттү

Кыргыз- Түрк “Манас” университетинин (КТМУ)  Педогогикалык  маселелер  бөлүмүнүн жетекчилигинде   2016- жыл  17-18- март күнү  2- Эл аралык педогогикалык маселелер боюнча  конгресс өткөрүлдү.



Кыргыз- Түрк “Манас” университетинин (КТМУ)  Педогогикалык  маселелер  бөлүмүнүн жетекчилигинде   2016- жыл  17-18- март күнү  2- Эл аралык педогогикалык маселелер боюнча  конгресс өткөрүлдү.

Бул конгресске башта Кыргызстан жана Түркия  болуу менен бирге Казакстан жана  АКШдан келген  академиктер да катышышты.

Глобалдык билим берүүнүн алкагында жогорку билим берүүнүн  абалы жана келечеги  тууралуу  болуп өткөн 2- Эл аралык педогогика маселелери боюнча болуп өткөн конгрессте 93 доклад берилди.

КТМУнун ректору Илимдин доктору профессор  Себахаттин Балжы  конгресстин ачылышында  билимди кантип берүү тууралуу төмөнкү сөздөрдү айтты. “  Билим албетте инсан үчүн.  Үйрөнүп жаткан адамдын мүнөзүн билиш керек. 21- кылымдын адамдарынын профилин анализ кылуубуз шарт. Билим берүү программасын   ошого жараша калыптандырышыбыз керек. Пландарыбыз да ошого ылайык болуусу шарт. 90- жылдарда жарыкка келген  жана  “З” урпагы деп айтылып калган нерсенин келечекке таасирин тийгизерин билип турабыз. Андай болсо бул тууралуу мыкты маалматыбыз болушу керек. 1980- жылдары болсо компьютер биздин жашообузга толугу менен кирээрине  жана биздин жашообузду кыйла жеңилдетээрине ишеним бар болчу. Бирок компьютер жашообузга  кирип келээри менен убакыттын тартыштыгынын көбөйгөнүн  көрдүк. 21- кылымдын адамдарынын  өнүккөн технология менен бирге билимге болгон муктаждыгы дагы да артууда. Илимдин доктору ,профессор Себахаттин  Балжы сөз арасында жаңы технологиянын жана техниканын өнүгүшү  үчүн  эң башкысы  билим берип жаткан мугалимдердин технологиялык жана техникалык жактан камсыз болуусу керек экенин айтып өттү. Илимдин доктору, профессор Себахаттин Балжы КТМУ Билим берүү бөлүмү тарабынан  даярдалган бул конгресстин максатына ылайык  билим берүүдөгү кемчиликтер айтыларына жана ошол кемчиликтерди оңдоо максатында боло турган иштер  Кыргызстандын билим берүү системасына жакшы жыйынтыктарды алып келүүсүнө ишенерин айтты.

Биринчи проректор Илимдер доктору ,профессор  Асылбек Кулмырзаев адам ресурстары  жакшы абалда экенинин айтуу менен статистикалык маалыматтарды да айта кетти. 2016- жылы кыргызстандын калкынын саны  6 миллионго жетти. Булардын 33%  0- 16 жашка чейинкилер, 60%  ишке жарамдуулар, 7% пенсионерлерден турат. Эгер өлкө катары бул статистикалык  маалыматтарга карай турган болсок ,эл аралык стандарттарга туура келе турган түзүлүшкө ээ экендигибизди көрө алабыз. Мындан тышкары  баса белгилей кетчү  нерсе 0- 15 жашка чейинкилердин  99,2%  кат-сабаттуу.Бул да болсо социалдык жактан даражабыздын жогору экендигин көрсөтүүдө”- деген  биринчи проректор илимдер доктору , профессор   А. Кулмырзаев  билим берүүнүн күн  сайын начарлап баратканына басым жасады жана “ Болоня  системасын колдонуубузга карабастан билим берүүнүн жакшы тарапка өнүккөнүн көрө алган жокпуз. Мунун башкы себеби- тил маселеси. Чет тилдери боюнча билим берүүнү дагы да өнүктүрүп билим берүү программаларыбызды  жакшыртышыбыз керек. Жаңы системага ылайык илимпоздор  алган доктор, доцент  жана профессор сыяктуу макамдар кайсы критерийлердин негизинде берилгендигин жакшылап билишибиз керек. КТМУ болуу менен бирге   билим берүү тармагында программа жана керек болсо колдоно турган курал- жарактарды өнүктүрүү жагын колубуздан келишинче бизге жүктөлгөн  милдетибизди аткарабыз.Университеттин коллегасы катары ушул багытта ишибизди улантып келе жатабыз”- деп айтып өттү.

Билим берүу конгрессинине Туркиядан келген Газиантеп университетинин проректору  Илимдин  доктору,профессор  Жахид  Багжы дагы сөз сүйлөө менен бирге конгресске байланыштуу калоо тилектерин билдирди.

КТМУ  Педогогика маселелери бөлүмүнүн  башчысы Илимдин доктору профессор Акматали Алибеков  дагы  конгресс тууралуу маалыматтарды берүу менен ЖОЖдордун түзүлүшү , Болоня системасы жана ЖОЖдордун  стандарттары тууралуу  сөз кылды.

АКШдан келген Марта Мерил АКШнын ЖОЖдору жана акредатсиялары тууралуу , Хажеттепе  университетинен келген Доц.Др. Алев Өзкөк болсо ЖОЖдордогу узактан билим алуу тууралуу сөз сүйлөдү.

18-март күнү жыйналыштын соңунда чет өлкөдөн келген коноктор үчүн Бишкек жана Алматыга саякат уюштурулду.

 

Радио-телевидение мүдүрлүгү

ММК жана Коомчулук менен байланышуу бюросу

2- Эл аралык педогогикалык маселелер боюнча  конгресс  болуп өттү 2- Эл аралык педогогикалык маселелер боюнча  конгресс  болуп өттү 2- Эл аралык педогогикалык маселелер боюнча  конгресс  болуп өттү 2- Эл аралык педогогикалык маселелер боюнча  конгресс  болуп өттү 2- Эл аралык педогогикалык маселелер боюнча  конгресс  болуп өттү 2- Эл аралык педогогикалык маселелер боюнча  конгресс  болуп өттү 2- Эл аралык педогогикалык маселелер боюнча  конгресс  болуп өттү 2- Эл аралык педогогикалык маселелер боюнча  конгресс  болуп өттү 2- Эл аралык педогогикалык маселелер боюнча  конгресс  болуп өттү 2- Эл аралык педогогикалык маселелер боюнча  конгресс  болуп өттү 2- Эл аралык педогогикалык маселелер боюнча  конгресс  болуп өттү 2- Эл аралык педогогикалык маселелер боюнча  конгресс  болуп өттү 2- Эл аралык педогогикалык маселелер боюнча  конгресс  болуп өттү 2- Эл аралык педогогикалык маселелер боюнча  конгресс  болуп өттү 2- Эл аралык педогогикалык маселелер боюнча  конгресс  болуп өттү 2- Эл аралык педогогикалык маселелер боюнча  конгресс  болуп өттү 2- Эл аралык педогогикалык маселелер боюнча  конгресс  болуп өттү 2- Эл аралык педогогикалык маселелер боюнча  конгресс  болуп өттү 2- Эл аралык педогогикалык маселелер боюнча  конгресс  болуп өттү 2- Эл аралык педогогикалык маселелер боюнча  конгресс  болуп өттү

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться