КТМУ - Туризм багыты боюнча билим берген мыкты окуу жай » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

КТМУ - Туризм багыты боюнча билим берген мыкты окуу жай



Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Туризм жана мейманкана иштетүү жогорку мектеби үчүнчү жолу "Туризм багыты боюнча билим берген мыкты окуу жай" сыйлыгына ээ болду.

Кыргызстанда 27 - сентябрь Дүйнөлүк туризм күнүнѳ карата "Kyrgyz Tourism Awards" улуттук сыйлыгы тапшыруу аземи болуп ѳттү. Аталган сынак Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Туризм департаменти тарабынан жарыяланып, туризм тармагынын мыктылары аныкталды.

Иш-чара Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармонияда ѳтүп, ага окуу жайыбыздын ректору, профессор Себахаттин Балжы, проректор, профессор Хусейин Өгүт, Туризм жана мейманкана иштетүү жогорку мектебинин мүдүрүнүн милдетин аткаруучу, доц.м.а Толга Гөк, орун басары ага окутуучу Надира Турганбаева, Туризм жана мейманкана иштетүү бөлүмүнүн башчысы, доц. Эркан Акгөз, жана ага окутуучу Кымбат Асанова да катышты.

Туризм жана мейманкана иштетүү жогорку мектебинин кызматкерлерин университеттин атынан расмий куттуктоо 1-октябрь күнү ректоратта ѳттү.


Загрузка плеера...


КТМУ - Туризм багыты боюнча билим берген мыкты окуу жай КТМУ - Туризм багыты боюнча билим берген мыкты окуу жай КТМУ - Туризм багыты боюнча билим берген мыкты окуу жай КТМУ - Туризм багыты боюнча билим берген мыкты окуу жай КТМУ - Туризм багыты боюнча билим берген мыкты окуу жай КТМУ - Туризм багыты боюнча билим берген мыкты окуу жай КТМУ - Туризм багыты боюнча билим берген мыкты окуу жай КТМУ - Туризм багыты боюнча билим берген мыкты окуу жай КТМУ - Туризм багыты боюнча билим берген мыкты окуу жай

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться