Башкы прокурорлордун иш сапары » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Башкы прокурорлордун иш сапары



Түркия Республикасынын Яргытай Жогорку сотунун башкы прокурору жана аны коштогон делегация мүчѳлѳрү Кыргыз-Түрк «Манас» университетине келишти.

Жолугушуу 30-сентябрда ѳтүп, ага Яргытай Жогорку сотунун башкы прокурору Мехмет Акаржа, Эл аралык мамилелер бюросунун башкы прокурору Илкнур Алтынташ, башкы прокурор Түлай Таш, КРнын Ош облусунун башкы прокурору Бөкөнбай Казаков, Өзгөн районунун прокурору Алтынбек Аттокур уулу жана ТРнын Кыргызстандагы элчилигинин ѳкүлү катчы Өзгүр Эркан жана университеттин жетекчилери катышты.

Жолугушууда университеттин ректору, профессор Себахаттин Балжы окуу жай тууралуу маалымат берди. Ал: «КТМУ - Кыргызстанга жаңы муундарды тарбиялоо үчүн  Түркия Республикасы жана Кыргыз Республикасы биргеликте түзгөн орток университет. Ошол эле учурда кыргыз-түрк мамилелеринин, достугунун бекемделүүсүнө себепчи болгон окуу жай. Биздин миссиябыз Түрк дүйнөсүнүн орток келечегинин жаркын болушуна ишенген жана адамзатка кызмат кыла турган акылдуу жаштарды тарбиялоо болуп саналат»,-деди.

Андан кийин биринчи проректор, профессор Асылбек Кулмырзаев: «Окуу жайыбыз дүйнөгө аты таанылган билим берүү борбору. Бул окутуучулардын, административдик кызматкерлердин жана студенттердин 24 жыл ичиндеги эмгеги. Албетте, Түркия жана Кыргызстан Өкмөтүнүн колдоосу болбосо, бул жыйынтыкка жете алмак эмеспиз. Аларга ыраазычылык билдиребиз. ТР жана КР Өкмөтү, Президенттерибиз университетке ар дайым колдоо көрсөттү. Биздин милдетибиз сапаттуу билим берүү, пайдалуу долбоорлорду жаратуу жана коомго кызмат кылуу»,-деди.

ТРнын Яргытай Жогорку сотунун башкы прокурору Мехмет Акаржа окуу жай тууралуу: «Урматтуу ректордун университет жөнүндө айткан сөздөрүнөн таасирленбей коюу мүмкүн эмес. Окуу жайдын ийгиликтерин Түркиядан да кызыгуу менен көрөбүз. Ийгилик- билимдин күчү менен жаралат. Ал маданиятыбыздан жана тарыхыбыздан келген күч. Булардын артында кыргыз жана түрк элинин колдоосу бар. Ардактуу окутуучулардын талыкпаган эмгегинин натыйжасында бардык тармакта көп ийгиликтерди багынтып келе жатат. «Манас» университетинде окуу Орто Азиядагы жаштардын кыялы. Ошондуктан сиздерди куттуктайм. Сиздердин бул жактагы ийгилигиңиздер менен биз ар дайым сыймыктанабыз»,-деген жылуу сөздөрүн айтты.

Ош облусунун башкы прокурору Бөкөнбай Казаков: «КТМУ 24 саат бою иштей тургандыгы ачык байкалып турат. Университет мындан ары да өнүгүп, ийгилиги арта берсин»,-деген каалоосун билдирди.

Башкы прокурор Илкнур Алтынташ, Түлай Таш жана Алим Таш да Кыргызстанды өз мекениндей көрөѳрүн айтып, кубанычта экендигин билдирди.

Делегациянын иш сапары эстеликке сүрөткө түшүү, белек берүү жана КТМУнун Археология-лабораториялык музейин көрүү менен соңуна чыкты.


Загрузка плеера...


Башкы прокурорлордун иш сапары Башкы прокурорлордун иш сапары Башкы прокурорлордун иш сапары Башкы прокурорлордун иш сапары Башкы прокурорлордун иш сапары Башкы прокурорлордун иш сапары Башкы прокурорлордун иш сапары Башкы прокурорлордун иш сапары Башкы прокурорлордун иш сапары Башкы прокурорлордун иш сапары Башкы прокурорлордун иш сапары Башкы прокурорлордун иш сапары Башкы прокурорлордун иш сапары Башкы прокурорлордун иш сапары Башкы прокурорлордун иш сапары Башкы прокурорлордун иш сапары Башкы прокурорлордун иш сапары

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться