“Манас” кубогу – 2019 » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

“Манас” кубогу – 2019

“Manas Cup-2019“ футболдук турнири ѳттү.



Үстүбүздѳгү жылдын 28-29-сентябрь күндѳрү КТМУнун Студенттер кеңеши башкармалыгы жана бүтүрүүчүлөр координациясынын жетекчилиги тарабынан “Manas Cup-2019“ футболдук мелдеши уюштурулду.

Мелдеш университеттин спорт аянтчасында ѳтүп, ага окуу жайдын ректору, профессор Себахаттин Балжы, проректор, доктор Анварбек Мокеев, проректор, профессор Хусеин Өгүт жана студенттер  кѳрүүчү болуп катышты.

Турнирдин ачылышында ректор, профессор Себахаттин Балжы: « Турнирдин максаты - бүтүрүүчүлөрдүн ынтымагын жана университеттин башка мекемелер менен болгон кызматаштык мамилесин бекемдөө болуп саналат. Алгач 6 командадан башталган бул турнир 2 жылда 11 командага ѳсүп жетти. Мелдештин катышуучулары жана күйѳрмандары дагы кѳбѳйѳ беришин каалайбыз. Катышуучулар үчүн КТМУнун эшиги ар дайым ачык»,- деди.

Турнирге университеттин бүтүрүүчүлөрүнөн сырткары  Hyatt Regency, Ambassador Hotel, Demir Kyrgyz International Bank, Coca-Cola Bishkek Bottlers, Gazprom Kyrgyzstan, Alfa Telecom, Commercial Bank Kyrgyzstan, Frunze Hipermarket, AGROUnion Association, Partner KG жана КТМУнун студенттери катышты.

Мелдештин катышуучулары жана күйөрмандары кызыктуу оюнга күбө болушту. Курама командалар оюндун акыркы секундасына чейин женишке болгон умтулуусун көрсөтүштү. Беттеш 1:0 эсебинде КТМУ командасынын пайдасына бүттү. Commercial Bank Kyrgyzstan 3-орун, Hyatt Regency 4-орундарга ээ  болду.

 


Загрузка плеера...


“Манас” кубогу – 2019 “Манас” кубогу – 2019 “Манас” кубогу – 2019 “Манас” кубогу – 2019 “Манас” кубогу – 2019 “Манас” кубогу – 2019 “Манас” кубогу – 2019 “Манас” кубогу – 2019 “Манас” кубогу – 2019 “Манас” кубогу – 2019 “Манас” кубогу – 2019 “Манас” кубогу – 2019 “Манас” кубогу – 2019 “Манас” кубогу – 2019 “Манас” кубогу – 2019 “Манас” кубогу – 2019 “Манас” кубогу – 2019 “Манас” кубогу – 2019 “Манас” кубогу – 2019 “Манас” кубогу – 2019

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться