Академиялык жалпы жыйын Ахмет Ясавини эскерүүгѳ арналды » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Академиялык жалпы жыйын Ахмет Ясавини эскерүүгѳ арналды



Үстүбүздѳгү жылдын 26-сентябрында 2019-2020-окуу жылынын I профессордук-окутуучулук жалпы жыйыны болуп ѳттү. Жыйын Ахмет Йесевини эскерүүгѳ арналды жана жыйындын күн тартибинде 2018–2019-окуу жылынын күзгү семестри боюнча отчет жана анализдер, 2019–2020-окуу жылынын жазгы семестрине карата даярдыктар жана перспективалар, 2019–2020-жылдар үчүн университеттин стратегиялык планына ылайык иш-чаралары жана сапатты жакшыртуу боюнча иш-аракеттердин тегерегинде маселелер каралды.

Программага ылайык Теология факультетинин окутуучусу, профессор Мустафа Чакмакоглу "Алгачкы улуу түрк сопусу катары таанылган Хожа Ахмет Ясавинин диний түшүнүгү" деген темада баяндама жасады.

Ал эми университеттин биринчи проректору, профессор А.Кулмырзаев: «Ар бир жыл өзүнүн жаңы жаңылыктары менен келип, жаңы максаттарды алдыга коёт. 2018-2019-окуу жылы да жакшы жаңылыктар менен эсте калды. Мындан аркы максатыбыз эл аралык деңгээлге жетүү болуп саналат. Андыктан, биз бул жылы мурунку жылдардан да күчтүү максаттарды алдыга коюп, жаңы иштердин үстүндө иштейбиз», -деп, билим берүүнүн сапатын дагы да жогорулатып, жаңы программаларды ишке ашырабыз, сандык эмес, сапаттык деңгээлге чыгабыз деген оюн билдирип, окуу жылынын башталышы менен кызуу куттуктады.

Андан кийин университеттин ректору, профессор Себахаттин Балжы 2010-жылдан берки университеттин стратегиялык планына ылайык иш-чаралары жана сапатты жакшыртуу боюнча иш-аракеттери тууралуу айтып, жакынкы убакытта ишке ашыра турган максаттардын бири университетти санариптештирүү ишин аягына чыгаруу экенин билдирди. Ошондой эле КТМУнун билим берүү тармагындагы орду жана келечек 2023-жылга койгон максаты Борбордук Азияда эң сапаттуу билим борборуна айлануу экенин кошумчалап, университеттин профессордук-окутуучулук курамы менен студенттерди жаңы 2019-2020-окуу жылынын ачылышы менен куттуктап, бейпилдик жана ийгиликтер болушун каалады.

Ачылыш сөздөрүнѳн кийин академиялык наамы жогорулаган окутуучуларга мантия кийгизилип, жыйын эстеликке сүрөткө түшүү менен жыйынтыкталды.


Загрузка плеера...


Академиялык жалпы жыйын Ахмет Ясавини эскерүүгѳ арналды Академиялык жалпы жыйын Ахмет Ясавини эскерүүгѳ арналды Академиялык жалпы жыйын Ахмет Ясавини эскерүүгѳ арналды Академиялык жалпы жыйын Ахмет Ясавини эскерүүгѳ арналды Академиялык жалпы жыйын Ахмет Ясавини эскерүүгѳ арналды Академиялык жалпы жыйын Ахмет Ясавини эскерүүгѳ арналды Академиялык жалпы жыйын Ахмет Ясавини эскерүүгѳ арналды Академиялык жалпы жыйын Ахмет Ясавини эскерүүгѳ арналды Академиялык жалпы жыйын Ахмет Ясавини эскерүүгѳ арналды Академиялык жалпы жыйын Ахмет Ясавини эскерүүгѳ арналды

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться