Жаш түркологдордун VIII Эл аралык симпозиуму болуп өттү » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Жаш түркологдордун VIII Эл аралык симпозиуму болуп өттү



23-24-сентябрь күндөрү Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде Түрк тил коомунун колдоосу менен Жаш түркологдордун VIIIэл аралык симпозиуму болуп ѳттү. Симпозиум быйыл “Кутадгу билигдин” 950 жана Кыргыз мамлекеттик тил мыйзамынын 30 жылдыгына арналды.

Симпозиумдун негизги максаты түркология багытындагы жаш илимпоздордун бири-бири менен таанышуусун, академиялык турмушка аралашуусун, ошондой эле өз ара пикир алышуусун камсыз кылуу, тил илими, адабият, фольклор, тарых, этнография, археология, философия жана тил үйрөтүү сыяктуу түркологиянын негизги маселелери боюнча келечекте олуттуу эмгектерди жаратууга түрткү берүү, тажрыйбалуу окумуштуулардын жолун уланта турган жаш түркологдорду тарбиялоо жана илимий өңүттөн калыптануусунда аларга жардам көрсөтүү болуп саналат.

Бул жылы симпозиумга катышууга жүздөн ашык кайрылуу болуп, алардын ичинен 43 илимий макала тандалып алынды. Кыргызстандан ‒ 25, Түркиядан ‒ 5, Азербайжандан ‒ 4, Казакстандан ‒ 3, Өзбекстандан ‒ 4, Түндүк Кипр-Түрк Республикасынан ‒ 2 жаш түркологдор катышты.

Иш-чаранын ачылышында түркология бөлүмүнүн башчысы, доцент Бурул Сагынбаева аталган симпозиум 2007-жылы ачылып, учурда эл аралык деңгээлге көтөрүлгөндүгү тууралуу маалымат берди:

“Ар бир симпозиум түрк дүйнөсүндөгү чыгаан инсандарга, тарыхый окуяларга, белгилүү чыгармаларга арналып өткөрүлүп келе жатат. Азыркы өткөрүлүп жаткан симпозиумубуз түрк дүйнөсүнүн чыгаан ойчулу, даанышман-акын Жусуп Баласагындын “Кутадгу Билиг” чыгармасынын 950 жылдыгына жана Кыргыз мамлекеттик тил мыйзамынын 30 жылдыгына арналып жатат. Бүгүнкү күнү “Кутадгу Билиг” чыгармасынын 950 жылдыгы Түрк дүйнөсүндө эки жерде белгиленүүдѳ. Бири - Түрк тили уюму тарабынан Түркияда, ал эми экинчиси - КТМУда. Симпозиумдун максаты - илимге келген жаштарга багыт берүү жана улуу муундун эстафетасын алып кетүү, жаш окумуштууларды бириктирүү. Быйыл симпозиумга катышууга жүздөн ашык кайрылуу болуп, алардын ичинен 43 илимий макала тандалып алынды. Кыргызстандан ‒ 25, Түркиядан ‒ 5, Азербайжандан ‒ 4, Казакстандан ‒ 3, Өзбекстандан ‒ 4, Түндүк Кипр-Түрк Республикасынан ‒ 2 жаш түркологдор катышып жатышат”, -деп жаш окумуштууларга ийгилик каалады.

Ректор, профессор Себахаттин Балжы: « Кыргыз-Түрк «Манас» университети 24 жыл ичинде бир топ жетишкендиктерге жетишти. Азыркы күндө 8400 ден ашуун бүтүрүүчүбүз бар. Учурда бүтүрүүчүлѳрүбүз дүйнѳнүн 5 континентинде, 39 мамлекетинде ийгиликтүү иштеп жатышат.Айрымдары өз иш мекемесин ачып, башкаларга иш берүүдө. Бул деген - “Манас” университетинин эл аралык деңгээлдеги сапаттын негизинде билим берип, мыкты жаштарды тарбиялап жатканынын көрсөткүчү.“Манас” университети «Алтын көпүрө» болуу миссиясын жана эки өлкө ортосундагы достукту, бир туугандыкты бекемдөө жоопкерчилигин татыктуу аткарып келе жатат десек жаңылышпайбыз. Биз ѳзгѳчѳ адамзатка кызмат кыла турган келечек инсандарын тарбиялоого кѳңүл бурабыз. Жаштар ѳздѳрүнүн тарыхын жана маданиятын жакшы билүүлѳрү керек. Улуттук баалуулуктарыбызды билиши керек. Ата-баларыбыз эбегейсиз бай мурастарды калтырып кеткен. Ал улуу инсандарды сыймыктануу жана урматтоо менен эскерип жүрѳбүз. Биздин жаштар Махмуд Кашгари, Жусуп Баласагын, Мевлана, Юнус Эмре ким экенин билиши керек. Ошондой эле Чыңгыз Айтматов, Мехмет Акиф Эрсой, Нежип Фазыл, Кысакүрек жана башкалар. Бабаларыбыз калтырып кеткен баа жеткис мурастарды таанып билүүдѳ, албетте тарых жана түркология илими сѳзсүз керек. Бул жаатта “Манас” университети өзүнүн миссиясына, көздөгөн максатына ылайык эл аралык симпозиум, конференция, семинар жана башка илимий жыйындарды өткөрүп турат.Жалпы эле түрк дүйнөсүндөгү илимге дилгир жаштардын бири-бири менен таанышуусун, академиялык чөйрөгө аралашуусун, илимий пикир алмашуусун камсыз кылуу максатында уюшулган бул симпозиум да ѳз максатына жетет деп ишенем. Жаштарга ийгилик каалайм”, -деди.

Андан кийин Түрк тили уюмунун төрагасынын орун басары, профессор Фейзи Эрсой: « Өзүңүздөр билгендей эле түрк эли тарыхка басым жасаган элдерден. Эгер бизди тарых барактарынан өчүрсө, анда тарых барактары бош калат. Кытай, моңгол, араб же Европа тарыхын да элестетүү мүмкүн эмес. Дүйнө тарыхына көптөгөн баалулуктарды бердик. Алардын бири – тил. Эң маанилүү чыгармалардын бири – “Кут алчу билим” болуп эсептелет. Мына бүгүн анын жазылгандыгынын 950 жылдыгын белгилеп жатабыз. Кээ бир улуттар 200-300 жылдыгын белгилөөдө. Маани берсеңиздер биз чыгармалардын 950 жылдыгын белгилеп жатабыз. Ал эми Орхон жазууларына 1300 жыл болду. Тилибиздин тарыхы андан да узак жылдарга барат. Бирок, тилекке каршы колубузда эмгектер жана далилдер жок. Эсиңиздерде болсо керек, “Кут алчу билим” чыгармасы «Аллахтын аты менен баштадым» деген сап менен башталат, бул деген «Бисмиллах» сөзүнүн түркчөсү. Бүгүнкү күнү бул эмгек дүйнөнүн көптөгөн тилдерине которулду. Түрк тили уюму дагы "Кут алчу билимге" байланыштуу түрдүү басылмаларды чыгарууну уланта бермекчи. Симпозиумдун жемиштүү болуусун жана жаш окумуштууларга ийгилик каалайм »,-деп сѳзүн жыйынтыктады.

КТМУнун Гуманитардык факультетинин деканы, профессор Лайли Үкүбаева: “Бүгүн Кыргызстанда кош майрам өтүп жатат. Бүгүнкү күнү кыргыз тилинин 30 жылдыгын майрамдап жатабыз. Чындыгында кыргыз тили түрк элдеринин эң байыркысы. Бүгүнкү күнгө чейин дүйнөлүк маданияка салым кошкон элдик оозеки чыгармалардын туу чокусу катары эсептелген “Манас” эпосун жеткирген тил болуп эсептелет. Кыргыз тили оор жолду басып өттү десек жаңылышпайбыз. Советтер союзунун учурунда тилчилердин өткөргөн статистикасы боюнча 197 тилден 97 гана калган экен. Кыргыз тили ошол 97 тилдин ичине кирет. Бул кыргыз тилинин улуулугун, түбөлүктүүлүгүн  билдирет. СССР учурунда кыргыз тили экинчи, үчүнчү планда калып калган. Кудайгы шүгүр азыркы күндө Кыргыз тили жакшы абалда. Тилдин жоголуп кетпеши үчүн ошол тилди колдонуу керек. Жаштарга айтарым, башка тилдерди канчалык жакшы кѳрсѳңѳр да, эне тилиңер болгон кыргыз тилин сүйгѳнүңѳрдѳн жаңылбагыла”, - деди.

Ачылыш сѳздѳрүнѳн кийин “Жаш түркологдордун VIII Эл аралык симпозиумунун” пленардык отуруму ачылып, ага Түрк тили уюмунун орун басары, профессор Фейзи Эрсой модераторлук кылды. Биринчи отурумда Ататүрк университетинен профессор Осман Мерт «Жусуп Баласагын жана Кут алчу билим», Режеп Тайып Эрдоган университетинин окутуучусу, профессор Орхан Кемал Тавукчу «Кут алчу билимдин түрк маданияты тарыхындагы орду жана мааниси», Фырат университетинен профессор Эсма Шимшек жана Стамбул Маданият университетинен профессор Якуп Челик баяндама жасады.     

Эки күнгѳ созулган симпозиумга республиканын ар кыл аймактарынан жана чет элдерден келген жаш түркологдордун илимий докладдары окулду жана өз ара пикир алышып талкуулашты.

Жыйынтыгында Жаш түркологдордун эл аралык VIII симпозиумунда төмөндөгү чечимдер чыгарылды:

  1. Жаш түркологдордун изилдѳѳ борбору – Кыргыз-Түрк “Манас” университети;
  2. Жаш түркологдордун симпозиумуна түрк тилдүүэлдердин жана мамлекеттердин катышуусун камсыз кылуу;
  3. Түрк дүйнѳсүнүн актуалдуу маселелринин изилдѳѳ обьектисине алынуусу;
  4. Жаш түркологдордун симпозиумунун үч жылда бир ѳткѳлүүсү.

Загрузка плеера...


Жаш түркологдордун VIII Эл аралык симпозиуму болуп өттү Жаш түркологдордун VIII Эл аралык симпозиуму болуп өттү Жаш түркологдордун VIII Эл аралык симпозиуму болуп өттү Жаш түркологдордун VIII Эл аралык симпозиуму болуп өттү Жаш түркологдордун VIII Эл аралык симпозиуму болуп өттү Жаш түркологдордун VIII Эл аралык симпозиуму болуп өттү Жаш түркологдордун VIII Эл аралык симпозиуму болуп өттү Жаш түркологдордун VIII Эл аралык симпозиуму болуп өттү Жаш түркологдордун VIII Эл аралык симпозиуму болуп өттү Жаш түркологдордун VIII Эл аралык симпозиуму болуп өттү Жаш түркологдордун VIII Эл аралык симпозиуму болуп өттү Жаш түркологдордун VIII Эл аралык симпозиуму болуп өттү Жаш түркологдордун VIII Эл аралык симпозиуму болуп өттү Жаш түркологдордун VIII Эл аралык симпозиуму болуп өттү Жаш түркологдордун VIII Эл аралык симпозиуму болуп өттү Жаш түркологдордун VIII Эл аралык симпозиуму болуп өттү Жаш түркологдордун VIII Эл аралык симпозиуму болуп өттү Жаш түркологдордун VIII Эл аралык симпозиуму болуп өттү Жаш түркологдордун VIII Эл аралык симпозиуму болуп өттү Жаш түркологдордун VIII Эл аралык симпозиуму болуп өттү

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться