Кут толгон Нооруз майрамы » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Кут толгон Нооруз майрамы

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде «Нооруз-2016» майрамдык салтанаты 21-март күнү Ч.Айтматов атындагы кампустун К.Тыныстанов атындагы жыйындар залында өзгөчө шаң менен өттү.



Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде «Нооруз-2016» майрамдык салтанаты 21-март күнү Ч.Айтматов атындагы кампустун К.Тыныстанов атындагы жыйындар залында өзгөчө шаң менен өттү.

Майрамдык салтанаттын кадырлуу коноктору болуп Түркиянын Билим берүү министрлигинин статс-катчысы Юсуф Текин, КРнын Туризм департаментинин директору А.Жаманкулов, университеттин жалпы жамааты, студенттер жана медиа өкүлдөрү  катышышты.

Майрамдык куттуктоо сөзүндө ректор, профессор Себахаттин Балжы:   «Түрк элинин улуу майрамы болгон Нооруз майрамы менен баарыңыздарды куттуктайм. Жаратылыштын жаңылануусун жана табияттын жандануусун жар салган Нооруз майрамы босогобузда турат. Нооруз берекенин, өз ара түшүнүүнүн, терең ишенимдин, үзүлбөс үмүттүн учугун улаган улуу майрам. Ошондуктан бүгүн бири-бирибизди кечирип, жаман иштерди унутуп, тазаланып, жакшы жашоого умтулушубуз керек. Ортобузда ар дайым биримдик, ынтымак болсун. Бул улуу күнү үйүңүзгө кут конуп, ишиңиздерди ийгиликтер жылоолоп, элибизге ынтымак-ырашкерлик, үй-бүлөңүздөргө бакыт-таалай алып келсин!».

Биринчи проректор, профессор Асылбек Кулмырзаев: «Бүткүл түрк тилдүү элдерине ата-бабалардан мурас болуп калган улуу Нооруз майрамы кут болсун. Бул өзгөчө майрам өлкөбүзгө тынчтык, улууларыбызга кадыр-барк, жаштарыбызга ыйман  алып келсин. Баба-дыйкандарыбыздын түшүмдөрү мол болсун.  Жаздын ар бир күнүн пайдалуу өткөрүп, кампалар мол түшүмгө толо берсин, жылыбыз токчулуктун, молчулуктун, бейкутчулуктун жылы болсун» - деген тилектерин айтышты.

Ал эми Түркиянын Билим берүү министрлигинин статс-катчысы Юнус Текин КТМУнун жалпы жамаатын Нооруз майрамы менен куттуктап, бүткүл адамзатка бакыт, ийгилик, тынчтык каалады.

Андан соң Ноорузга арналган элдик ырлар, бийлер жана кыргыз элинин улуттук каада салтын камтыган  майрамдык концерт кеченин көркүн ачты. 

Соңунда коноктор майрамдык сүмөлөктөн даам сызышты.

 

Радио-телевидение мүдүрлүгү

ММК жана Коомчулук менен байланышуу бюросу


Загрузка плеера...


Кут толгон Нооруз майрамы Кут толгон Нооруз майрамы Кут толгон Нооруз майрамы Кут толгон Нооруз майрамы Кут толгон Нооруз майрамы Кут толгон Нооруз майрамы Кут толгон Нооруз майрамы Кут толгон Нооруз майрамы Кут толгон Нооруз майрамы Кут толгон Нооруз майрамы Кут толгон Нооруз майрамы Кут толгон Нооруз майрамы Кут толгон Нооруз майрамы Кут толгон Нооруз майрамы Кут толгон Нооруз майрамы Кут толгон Нооруз майрамы Кут толгон Нооруз майрамы Кут толгон Нооруз майрамы Кут толгон Нооруз майрамы

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться