Кулагыңызга күмүш сырга » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Кулагыңызга күмүш сырга

Заманыбыздын белгилүү инсаны, мыкты кинорежиссёру Эрнест Абдыжапаров быйыл 55 жашка толот.



Кино өнөрүн го билебиз, муну менен бирге  мыкты  музыкант экенин билчү белеңиз? Анда үсүбүздөгү жылдын 3 апрелин өткөрүп жибербеңиз. Борбор калаабыздагы Т.Сатылганов атындагы Улуттук Филармониясында  Эрнест Абдыжапаровдун музыкалык кечеси өтөт.

Эскерте кетсек : Эрнест Абдыжапаров 1961 жылдын 27 февралында Бишкек (Фрунзе) шарында жарык дүйнөгө келген. 1983 жылы педагогика иниститутун бүтүргөн, 1988 жылы Абдыжапаров, «Көрөгөч» киножурналынын директору, 1992 жылы «Кыргызфильмдин» редактору кызматын аркалаган. 1999 жылы өзүнүн жеке студиясын жетектеген.

Тасмалары :

1993 — Менин Пирим Алманбет (д/ф)

1995 — Таранчы (к/м)

1995 — Беш-терек (д/ф)

1995 — Хрупкий лес (д/ф)

1996 — Подземный переход (д/ф)

1997 — Альгамбра (д/ф)

2000 — Остановка (к/м)

2000 — Босого (к/м)

2001 — Обезьяна Актана (д/ф)

2002 — Мария, дочь Моисея (д/ф)

2004 — Сельская управа (кирг. Саратан)

2007 — Светлая прохлада (кирг. Боз салкын)

2009 — Город мечты

2009 — Влюблённый вор[1]

2010 — Гаишники, фильм 11: Иссык-кульский бешбармак

2011 - Шахрезада из Кукушкино

2013 - До+Фа

2013 - Такси и телефон

Байгелери : Э.Абдыжапаров 20 ашык эл аралык кинофестиваллардын катышуучусу. Кыска метраждуу «Таранчы» тасмасы

 

1996 жылы, Эл аралык фестивалда Гран принин ээси, драма, Греция

1997 жылы, FICC сыйлыгы жана Оберхаузен эл аралык кыска метраждуу тасмалар фестивалынан сыйлык, Германия 

1998 жылы, мыкты кыска метраждуу тасма үчүн C.I.C.A.E. сыйлыгы

«Айыл Өкмөтү» тасмасы :  

2004 жылы, «Дидор» ЭКФ Гран принин ээси, Душанбе, Тажикстан  

2004 жылы, Мыкты сценарий үчүн сыйлык, «Киношок» Анапа, РФ

2004 жылы, Мыкты режиссура үчүн, ЭКФ «Новое кино. XXI век», Смоленск, РФ

2005 жылы,  Алтын жылдыз,  Марракештеги Эл аралык Кино Фестивалы

2005 жылы, Калыстар тобунун атайын сыйлыгы, «Эвразия», Алматы, Казакстан

Муну менен бирге Эрнест Абдыжапаров төндөгү сыйлыктар менен сыйланган:

2001 жылы, Кыргызстандын Жаштар сыйлыгынын лауреаты

 2007 жылы, «Боз Салкын» тасмасы, Чыгыш Эвропа киносу Котбус фестивалы, Гран-при

2008 жылы, Мыкты сценарий, «Киношок» — «Светлая прохлада» тасмасы


Загрузка плеера...



Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться