Миңдеген абитуриент «Манас» университетине тапшыруу үчүн күч сынашты » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Миңдеген абитуриент «Манас» университетине тапшыруу үчүн күч сынашты



2019-жылдын 7-июлунда, башкача айтканда, жыл сайын июль айынын биринчи жекшембисинде өтүүчү Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин кирүү сынагы болуп өттү.

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин 2019-2020-окуу жылы үчүн кирүү сынагы 7-июль күнү саат 10.00дө университеттин башкы имаратында жана Экономика жана башкаруу факультети, Коммуникация факультетинде, Турмуш-тиричиликти тейлөө имаратында, жалпысынан 12 имаратта, 202 аудиторияда болуп өттү. Сынакка катышкандардын саны 7080, тагыраак айтканда бир орунга 6-7 студент таймашышты. Быйылкы жылы университетке кирүүнү каалаган абитуриенттер Жалпы республикалык тестирлѳѳдѳн (ЖРТ) 110 баллдан жогору алгандар гана катталганы менен ѳзгѳчѳлѳндү.

Сынак өткөн күнү абитуриенттердин жакындары эртең менен эрте келишип, сынак бүткөнгө чейин университеттин алдында чоң толкундануу менен күтүп жатышты. КТМУнун ректору, профессор Себахаттин Балжы жана биринчи проректор, профессор Асылбек Кулмырзаев сынак башталардан мурун университеттин башкы жана Ч.Айтматов атындагы кампусунда жайгашкан окуу имараттарын кыдырып, абитуриенттер жана алардын ата-энелери менен жолугушуп, өз ара маек жүргүзүштү. Анда абитуриенттер кайсы тармакта окуй тургандыктарын жана келечекке болгон көз караштарын, ой-максаттарын тең ортого салышты.

Маектешүү учурунда ректор, профессор Себаххаттин Балжы жана биринчи проректор, профессор Асылбек Кулмырзаев Кыргыз-Түрк “Манас” университети бекер окутканы жана анда коррупциянын жоктугу менен артыкчылыкка ээ, ошондой эле жыл сайын окуу жайга тапшырсам деп дилгирленген абитуриенттердин саны арбын экенин билдиришти. 

Кирүү сынактары Бишкек шаарында, ал эми абитуриенттерди каттоо республикабыздын  областтарынын борборлорунда жана Бишкек шаарында  жүргүзүлдү.

Белгилей кетсек, университеттин студенттерди тандоо сынагынын жыйынтыгы 2019-жылдын 9-июль күнү белгилүү болот жана бул жылы КТМУ 1310 , ал эми Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен 110 студент кабыл алынмакчы.


Загрузка плеера...


Миңдеген абитуриент «Манас» университетине тапшыруу үчүн күч сынашты Миңдеген абитуриент «Манас» университетине тапшыруу үчүн күч сынашты Миңдеген абитуриент «Манас» университетине тапшыруу үчүн күч сынашты Миңдеген абитуриент «Манас» университетине тапшыруу үчүн күч сынашты Миңдеген абитуриент «Манас» университетине тапшыруу үчүн күч сынашты Миңдеген абитуриент «Манас» университетине тапшыруу үчүн күч сынашты Миңдеген абитуриент «Манас» университетине тапшыруу үчүн күч сынашты Миңдеген абитуриент «Манас» университетине тапшыруу үчүн күч сынашты Миңдеген абитуриент «Манас» университетине тапшыруу үчүн күч сынашты Миңдеген абитуриент «Манас» университетине тапшыруу үчүн күч сынашты Миңдеген абитуриент «Манас» университетине тапшыруу үчүн күч сынашты Миңдеген абитуриент «Манас» университетине тапшыруу үчүн күч сынашты Миңдеген абитуриент «Манас» университетине тапшыруу үчүн күч сынашты Миңдеген абитуриент «Манас» университетине тапшыруу үчүн күч сынашты Миңдеген абитуриент «Манас» университетине тапшыруу үчүн күч сынашты Миңдеген абитуриент «Манас» университетине тапшыруу үчүн күч сынашты Миңдеген абитуриент «Манас» университетине тапшыруу үчүн күч сынашты Миңдеген абитуриент «Манас» университетине тапшыруу үчүн күч сынашты Миңдеген абитуриент «Манас» университетине тапшыруу үчүн күч сынашты Миңдеген абитуриент «Манас» университетине тапшыруу үчүн күч сынашты Миңдеген абитуриент «Манас» университетине тапшыруу үчүн күч сынашты Миңдеген абитуриент «Манас» университетине тапшыруу үчүн күч сынашты Миңдеген абитуриент «Манас» университетине тапшыруу үчүн күч сынашты Миңдеген абитуриент «Манас» университетине тапшыруу үчүн күч сынашты Миңдеген абитуриент «Манас» университетине тапшыруу үчүн күч сынашты

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться