Түрк тилдүү өлкөлөрдө популярдуу болуп жаткан китеп эми кыргыз тилине которулду » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Түрк тилдүү өлкөлөрдө популярдуу болуп жаткан китеп эми кыргыз тилине которулду

"Манастан салам" уктуруусунда КТМУ түркология бөлүмүнүн 2-курсунун студенти Жолдубек Качкынбаев конокто болуп, жакында эле казак тилинен кыргызчалаган "Таштабачы апаке" аттуу китеп тууралуу кеңири маек курду.



    "Китеп башкыр жазуучусу Айгиз Баймухаметовдун калемине таандык. Түрк тилдүү мамлекеттердин көпчүлүгүндө өз окурмандарын тапкан "Таштабачы апаке" китебин Дилазык басма үйүнүн сунушу менен котордум. Биринчи котормом болгону үчүн көп эле кыйынчылыктар болду, кээ күндөрү таңкы 5ке чейин отурган кездерим да болду. Буюрса китептин 2-бөлүгү жазылып жатат, аны да которуу ниетим бар" деп билдирди  студент Жолдубек Качкынбаев. Эске сала кетсек китептин Кыргызстандагы бет ачаары жакынкы күндөрдө өтөт.

                                                     Даярдаган:  1-курсунун студенти Аманатова Баян

Түрк тилдүү өлкөлөрдө популярдуу болуп жаткан китеп эми кыргыз тилине которулду Түрк тилдүү өлкөлөрдө популярдуу болуп жаткан китеп эми кыргыз тилине которулду Түрк тилдүү өлкөлөрдө популярдуу болуп жаткан китеп эми кыргыз тилине которулду

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться