Эмир Бообеков: “Акча алиппесин” окутуу керек » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Эмир Бообеков: “Акча алиппесин” окутуу керек

Улуттук Банкынын финансылык сабаттуулук секторунун жетекчиси Эмир Бообеков  “Дүйнөлүк акча жумалыгы” тууралуу маалыматтар менен бөлүштү.  



02.04.2019 “Жаңы күн” программасынын кезектеги коногу Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын финансылык сабаттуулук секторунун жетекчиси Эмир Бообеков  “Дүйнөлүк акча жумалыгы” тууралуу маалыматтар менен бөлүштү.  

          Быйыл Дүйнөлүк акча жумалыгы Кыргызстанда  Улуттук Банктын координаторлугу алкагында   5-ирет өтүп жатат. Бул күнгө чейин эки банк гана бул иш-чарага катышып келсе, бул жылы алардын саны 30дан ашты.

         Жумалыктын негизги максаты: жаш балдардын көңүлүн акча маселесине бөлүп, финансылык сабаттуулугун арттыруу жана каражатты кандай топтоп, кантип пайдалануу керектигин түшүндүрүү. 

Акча жумалыгынын программасында: 

-  Университеттерде лекциялар, мектептерде ачык сааттар өткөрүлөт;

- Банктарга экскурциялар болот;

- Сынактар:  эссе жазуу, сүрөт тартуу, креативдуу копилка\кутуча. 

           Эссе жазуу 1-28-мартка чейин жүрүп, азыркы учурда аяктады.

           Сүрөт сынагына 7 жаштан 17 жашка чейинки окуучулар катыша алышат. Жеңүүчүлөргө 6000 сомго чейин банктан депозит ачылып берилет. 

            Креативдүү копилка сынагына индивидуалдуу түрдө эмес, 8- 9-10-11-класстын окуучулары,  ар бир мектептен бирден команда катыша алат. Жеңүүчү аталган мектептерге техникалык жабдуулар каралган. Калыстар тобунун мүчөлөрүн Улуттук Банктын, коммерциялык банктардын жана көзкаранды эмес уюмдардын өкүлдөрү камтыйт.  Ал эми сынактын жалпы байге фонду 172миң сом.

 Адис Э.Бообеков өлкөбүздө финансылык сабаттуулук боюнча программа иштелип чыккандыгын жана анын жыйынтыктарын 10-15 жыл аралыгында көрүп-биле аларыбызды баса белгиледи. Анын айтымына караганда, жылдагыдан өзгөчөлөнүп, быйыл региондорго көбүрөөк көңүл бурулду.

 “Акча жумалыгынан башка, жаш балдардын бул билимди өздөштүрүүсү үчүн эки пилоттук мектеп ачылган. Ошондой эле “Акча алиппеси” китеби жарык көрдү жана аларды мектептерге таратабыз. Мектеп аркылуу бүтүндөй элибизге маалымат жеткире алабыз,”- деди ал. 

 Эскерте кетчү нерсе, Кыргызстанда жумалык 8-14-апрель аралыгында болуп өтмөкчү. Ал эми сынакка катышуучулар өз эмгектерин сүрөткө тартып же сканерлеп “Бай Түшүм” банкынын порталына  11-апрелге чейин  жөнөтө алышат.

Жазган: Бегимай Арстанбек кызы

 


Загрузка плеера...


Эмир Бообеков: “Акча алиппесин” окутуу керек Эмир Бообеков: “Акча алиппесин” окутуу керек

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться