"Кайдасың, кагылайын Ата-мекен?" » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

"Кайдасың, кагылайын Ата-мекен?"



Миграциянын жүрөгүн жаралаган "Кайдасың, кагылайын Ата-мекен?" поэтикалык спектакли көрсөтүлдү.

КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмери, Кыргыз Эл акыны Гүлсайра Момунованын «Кайдасың, кагылайын Ата-мекен?» деген поэмасы КТМУнун ага окутуучу Таалайгүл Ташманбетова тарабынан сахналаштырылып, кѳрүүчүлѳргѳ сунулду.

Иш-чара үстүбүздѳгү жылдын 13-мартында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин көркөм өнөр факультетинин театралдык искусство бөлүмүнүн “Жан Дүйнө” поэзия клубу жана аталган факультеттин ага окутуучусу Таалайгүл Ташманбетова тарабынан уюштурулду. Ага коомдук ишмерлер, көрүнүктүү артистер, студенттер жана журналисттер келип катышып, ой пикирлери менен бөлүштү.      

Иш-чаранын уюштуруучусу Таалайгүл Ташманбетованын айтымында, спектаклдин негизги идеясы – бул коомдогу ар кандай терс кѳрүнүштѳрдү, кѳйгѳйлүү маселелерди сахнанын тили менен элге кѳрсѳтүп, аны жакшылыкка буруу жана ал кѳйгѳйлүү темалардын чечилишине салым кошуу болду. Ошондой эле спектакль ѳтѳ кызыгуу менен кѳрүүчүлѳр тарабынан кабыл алынып,кѳңүлдүү маанайда тарашты дейт.

"Кайдасың, кагылайын Ата-мекен?" "Кайдасың, кагылайын Ата-мекен?" "Кайдасың, кагылайын Ата-мекен?" "Кайдасың, кагылайын Ата-мекен?" "Кайдасың, кагылайын Ата-мекен?" "Кайдасың, кагылайын Ата-мекен?" "Кайдасың, кагылайын Ата-мекен?" "Кайдасың, кагылайын Ата-мекен?"

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться