Маниева Батма "Кургак учукту дарылоо узак жана оор процесс" » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Маниева Батма "Кургак учукту дарылоо узак жана оор процесс"

Арча-Бешик конушунун терапевти Маниева Батма "Кургак учук" жөнүндө маалымат берди. 



19.03.2019 “Жаңы күн” программасынын   кезектеги коногу Бишкек шаардык үй- бүлөлүк дарыгерлер борборунун анын ичинен Арча-Бешик конушунун терапевти Маниева Батма "Кургак учук" жөнүндө маалымат берди. 
   
  Өз кезегинде кургак учук микробактериясы тарабынан пайда боло турган инфекциялык оору болуп саналат. Негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири катары аталган микробактериянын караңгы жана салкын жайда узак мөөнөт сактала тургандыгын көрсөтүүгө болот. Күн нурларынын жана хлордун дезинфекциялоочу эритмесинин түз таасири алдын ала тез өлүп, жоголот. 
Көбүнчө өпкө кургак учугу менен жабыркаган адамдар аркылуу жугат. Кургак учук менен жабыркап жүргөндөр менен жакын байланышта болгон адамдар, айрыкча жаш балдар, кош бойлуу аялдар, ошондой эле кары адамдар бул инфекцияга тезирээк кабылуусу  мүмкүн.

Кургак учуктун дагы бир түрү сөөктүн жана муундун кургак учугу.Муну менен көбүнчө 10 жашка чейинки балдар жана чоң адамдар да ооруйт. Алгач башталышында баланын көңүлү ачылбай, дене табы көтөрүлүп, түнкүсүн начар уктайт, арыктап , тез чарчайт, тамакка табити тартпайт. Кечкисин же түнкүсүн омуртка тутуму,  жана тизе ооруйт . Оору күчөгөндө муундары шишип, ооруйт, аксай баштайт. Алдын ала дарыланбаса, бейтаптын муундары өспөй калышы ыктымал.

Эске салса кетсек кургак учукту дарылоого болот. Бул үчүн атайы кургак учукка каршы дары-дармектер бар. Дарылоодон мурда доктур өпкө жана башка органдарды рентгенге тартып, кургак учук микробактериялардын бар же жок экендигин аныктоо үчүн какырыкка изилдөөлөрдү өткөрүп, микробактериялардын кайсы дары каражатына сезимтал боло тургандыгын аныктап алуусу абзел.

Маегибиздин соңунда Маниева Батма буларга токтолду.
-Оорудан толук дарылануу  үчүн бейтаптар жазылып берилген дарыларды үзгүлтүксүз кабыл алуусу керек. Кургак учукту дарылоо узак жана оор процесс экендигин билүү маанилүү.

                      Жазган: Жолдубаева Айзана 

 


Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться