"Кыргызстан айым - режиссёрлорунун ||| кинофоруму" » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

"Кыргызстан айым - режиссёрлорунун ||| кинофоруму"

15-16- март күндөрү Бишкекте айым режиссёрлорунун" ||| кинофоруму болуп өттү.



Анын алкагында Ч.Айтматов атындагы "Кино үйүндө" көптөгөн айым режиссёрлордун тасмалары көрсөтүлдү. Андан сырткары, тегерек столдор жана мастер класстар өткөрүлдү.

    Бул кинофорум "Азия чыгармачыл айымдары" коомдук фонду тарабынан уюштурулду. Фонддун түзүүчүсү Асель Жураева бул кинофорум, айымдардын чыгармачылыгын колдоо максатын көздөгөнүн айтты.

   Иш-чарага Кыргызстандын атактуу кино сынчысы Гүлбара Төлөмүшова, режиссёрлор Темир Бирназаров, Лира Асылбек жана башкалар катышты. Андан тышкары казак режиссёр айымдарынын да тасмалары көрсөтүлдү.

Орусиянын легендарлуу айым режиссёрлору Галина Евтушенко жана Инна Демежко мастер класстары менен келип, форумдун көркүн ачып кетишти.

   Эске сала кетсек, бул кинофорум алгач 2016-жылы өткөрүлгөн.

 

 

Жазган:  Калия Мамбеталиева

Сүрөт:  Шайыр Бакытбекова

 

"Кыргызстан айым - режиссёрлорунун ||| кинофоруму" "Кыргызстан айым - режиссёрлорунун ||| кинофоруму" "Кыргызстан айым - режиссёрлорунун ||| кинофоруму" "Кыргызстан айым - режиссёрлорунун ||| кинофоруму" "Кыргызстан айым - режиссёрлорунун ||| кинофоруму"

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться