Кыргызстандын айым- режиссерлорунун III форуму » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Кыргызстандын айым- режиссерлорунун III форуму

Кыргызстандын айым- режиссерлорунун III кинофорумунун директору Асел Жураева, «Ракурс» уктуруусунда иш-чара 15-16-март күндөрү Бишкек шаарындагы Чыңгыз Айтматов атындагы кино үйүндө өтөөрүн айтты.



"Азиянын чыгармачыл аялдары" коомдук фондунун жетекчиси режиссер-документалист Асел Жураева өлкөбүздө барган сайын режиссерлукту аркалаган кыз-келиндердин саны өсүп жатканын айтты.

Быйыл үчүнчү ирээт өтүп жаткан кинофорумдун өзгөчөлүгү Асел Жураеванын айтымында, мыкты делген тасма аныкталып, режиссердун кийинки тарта турган киносуна техникалык жактан колдоо көрсөтүлөт.

 

Иш-чаранын максаты — кино тармагында эмгектенген кыз-келиндердин тасмаларын чоң экрандан көрсөтүү, кеңеш берүү жана алдыда мыкты кино жаратуусуна шарт түзүү. Биз атайын чет мамлекеттен конокторду чакырганбыз. Алар келип өз тажрыйбалары менен бөлүшүп, даректүү тасмада каармандар менен кандай иштеш керектиги, деги эле кызыктуу темаларды кантип тандаса боло тургандыгы жана башка ушул сыяктуу темаларда баарлашуу болот. Бул жылы жалпы 12 режиссердун тасмасы тандалды.", — деди Жураева.

Иш-чара 15-16-март күндөрү Бишкек шаарындагы Чыңгыз Айтматов атындагы кино үйүндө өтөт. Кирүү акысыз.

"Азиянын чыгармачыл аялдары" коомдук фондунун жетекчиси режиссер-документалист Асел Жураева конокто болгон“Ракурс” уктуруусуна төмөндө толугу менен ортоктош боло аласыз:


Загрузка плеера...



Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться