Кезектеги “Жети жаш автордун” китептери КыргызПатент кызматы тарабынан жарык көрдү » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Кезектеги “Жети жаш автордун” китептери КыргызПатент кызматы тарабынан жарык көрдү

Жаңы Күн радиодолбоорунун бул жолку коноктору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын жаш калемгерлерди шыктандыруу бөлүмүнүн башкы адиси Акжол Доранбек уулу жана Кыргызпатент интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондусу тарабынан жарык кезектеги 7 автордун бири Бекмамат Аргымбаев болду. 

 



             Кыргызпатенттин өкүлү Акжол Доранбек уулу маектешүүнү адегенде эле : 

             Жаңырган жылдын 20-февралында Эл аралык эне тил күнүнө карата мамлекеттик патенттик-техникалык китепканада Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын алдындагы (Кыргызпатент) интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондусу тарабынан жаш калемгерлердин чыгармалары камтылган “Саамалык – 14" топтомунун, салтка айланып калган “Жети жаш автордун” китептеринин жарык көргөнүн жана бет ачар аземи болуп өткөнүн айтуу менен баштады. 

             Кезектеги “Саамалык” жана “Жети жаш автордун” чыгармаларын чыгаруунун негизги максаты – жаш авторлордун чыгармачылыгын колдоп, тунгуч чыгармаларынын жарык көрүүсүнө өбөлгө түзүү жана шык-эргүү берүү болуп саналаарын баса белгиледи. 

 

             “Саамалык –14” адабий топтомуна республикабыздын бардык аймагынан: Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын жана Талас областтарындагы, ошондой эле Россия Федерациясында эмгектенген жаштардын, студенттердин, мектеп окуучулардын, жалпысынан 87 жаш калемгердин алгачкы чыгармалары киргизилген.

              Ошондой эле “Жети жаш автор” долбоорунда:

Нускат Манкушева - “Сүйүү багы”,

Кымкарбек кызы Гүлайым - “Жыйырма бешинчи жаз”,

Алымкул Маликеев - “Сүйүү тамчылары”,

Айжамал Качкынбаева - “Башат”,

Чынара Абдраева - “Шейиттер үнү”,

Бекмамат Аргымбаев - “Чыйыр”,

Кадырбек Аблабеков - “Аскердеги толгонуу” жана

Кайырбек кызы Нагиманын - “Сирень” китептери басылып чыккан.

Жогорудагы маалыматтардын баарын Акжол Доранбек уулу ирети менен баяндап кетсе, ал эми жети жаш автордун бири болгон студиябыздын коногу Бекмамат Аргымбаев маалы келгенде ырларын көркөм окуп, угармандар тарабынан келген смс суроолорго жооп берип жатты. 

             Кызыктуу эфирдин соңунда Мамлекеттик менчик кызматынын өкүлдөрү бардык жаш калемгердерди алар менен кызматташууга чакырып кетишти. 

 

Жылдызбек Турсунбаев, МедиаМанас

 

Кезектеги “Жети жаш автордун” китептери  КыргызПатент кызматы тарабынан жарык көрдү

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться