“Кийиз дүйнө” фондусунун жетекчиси, дизайнер Айдай Асангулова Кыргызстандагы учурдагы салттуу маданиятыбыздын айланасында маек курду.
“Ракурс” уктуруусунун коногу дизайнер Айдай Асангулова кийиз дүйнөсүнө кандайча аралашып калганын, кийиздин баалуулугун, өзгөчөлүгүн таанытуудагы жаратмандыгын баяндап берди.
Мындан сырткары студиянын коногу "Кийиз-дүйнө — көчмөн руху" аттуу салттуу маданияттын көргөзмөлөрү, салттуу билимдери боюнча аталган коомдук фонд уюштуруп келаткан окутуулар туурасында маек куруп, радиоугармандардын суроолоруна жооп берди.
Төмөндө “ Ракурс” уктуруусуна толугу менен ортоктош боло аласыз: