“Манаста Quizz” интеллектуалдык оюнунун финалы » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

“Манаста Quizz” интеллектуалдык оюнунун финалы

  8-февраль күнү  “Манаста Quizz” интеллектуалдык оюнунун экинчи айлампасы жыйынтыкталып, Кубат Нургожоев жеңүүчү болду.



  “Манаста Quizz” интеллектуалдык оюнунун  II сезонунда  Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин бир катар  факультеттеринде билим алып жаткан 8 студент оюнга катышып,  Казакстан,Тажикстан, Монголия, Грузия өлкөлөрү туурасында оюндар өткөрүлдү.

   Ал эми финалдык оюнда экинчи сезондун жүрүшүндө эң көп упай топтогон студенттер: Радио, телевидение, кино бөлүмүнүн студенти Аэлита Максатбекова менен Көркөм өнөр факультетинен Кубат Нургожоев ат салышты. Оюнчуларга Россия Федерациясынын курамындагы автономдуу республика болуп эсептелген, түрк тилдүү элдер жашаган Башкыртстан, Татарстан, Хакасия жана Алтай Республикасы тууралуу кызыктуу фактыларга негизделген суроолор берилди.

   Оюндун жыйынтыгында, Аэлита айым 50 упай топтой алды, ал эми Кубат мырза 75 упай менен “Манаста Quizz” интеллектуалдык оюнунун жеңүүчүсү деп табылды. Эки оюнчуга тең “Шанс” китеп дүкөнү тарабынан китептер белекке берилди.

    Белгилей кетсек, “Шанс” китеп дүкөнү “Манаста Quizz” интеллектуалдык оюнунун расмий демөөрчүсү, бул китеп дүкөн “2016-жыл—Тарых жана маданият жылы” алкагында Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы жакшы коңшулаштык, достук маанайдагы адабият, маданият, искусство, экономика ж.б. тармактар боюнча байланышты бекемдөө максатында өлкө башчыларынын демилгеси менен түзүлгөн.

 

                                                              Даярдаган: Акымбаев Алтынбек

    “Манаста Quizz” интеллектуалдык оюнунун финалы     “Манаста Quizz” интеллектуалдык оюнунун финалы     “Манаста Quizz” интеллектуалдык оюнунун финалы

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться