“Кыргызстан тоо лыжасы жана кышкы туризмдин өлкөсү-2019”кайрымдуулук фестивалы 2-февраль ишемби күнү болот.
“Ракурстун” коногу, Кыргызстандын жөө туризми бирикмесинин жетекчиси Марат Данилов.
“Кыргызстан – тоо лыжасынын жана кышкы эс алуунун өлкөсү” кайрымдуулук фестивалы ушул жылы юбилейлик иш-чарасын 2-фераль күнү “ЗИЛ” тоо лыжа базасында өткөрөт.
Фестивалдын башкы максаты – Каргызстанды кышкы спорт түрлөрүнүн, туризмдин жана эс алуунун өлкөсү катары жайылтууга жетишүү, кайрымдулук жардам көрсөтүү жана жарандарды сергек жашоого тартуу. Бул фестиваль 2010-жылдан бери өткөрүлүп келет.
“Ракурстун” коногу, Кыргызстандын жөө туризми бирикмесинин жетекчиси Марат Данилов түз эфирдин жүрүшүндө “Кыргызстан – тоо лыжасынын жана кышкы эс алуунун өлкөсү” кайрымдуулук фестивалына даярдыктарды айтып берди.
Достор, баарыңарды 2- февралда боло турган фестивалга активдүү чакырабыз!