ЗАМАНБАП КОМУЗЧУ » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

ЗАМАНБАП КОМУЗЧУ

"Жаңы күн" программасынын бул чыгарылышындагы коногу комузчу, "Акак" комузчулар ансамблынын солисти,  "Дельфия оюндары" Эл аралык сынагынын коло медалынын ээси Чолпон Мелисбекова болду.

 



Чолпон  белгилүү "Despacito"  чыгармасын комуз кылдарына салып ойноп, коомчулукка өзгөчө таасир калтырган. 
Таланттуу комузчу жана өзү белгилеп кеткендей бийчи менен анын чыгармачылыгындагы жетишкен ийгиликтери жана жеке жашоосу тууралуу кеп кылдык.

Анын айтымында,  жаз, классика жана башка заманбап чыгармалардан тышкары кыргыз элинин улуу күүлөрүн да эстен чыгарбай, ырахаттануу менен, чын жүрөктөн элге тартуулап ойноп келет.

Жеке жашоосуна да, чыгармачылыгына да убакыт таап өзүнүн сүйүктүү ишинде эмгек кылып келген комузчу "Баарына жетишсе болот", - дейт.  Чыгармачылыгында менеджердин милдетин аткарып келген жолдошу, аны алдыга умтултуп "Баары колуңдан келет", - деп ар дайым колдоо көрсөтүп тургандыгын айтты.

Маекти толугу менен төмөндөгү шилтемеден көрө аласыздар. 

https://youtu.be/yOIwB-m_vCU

 

Бактыгүл Жумабекова, МедиаМанас


Загрузка плеера...


ЗАМАНБАП КОМУЗЧУ ЗАМАНБАП КОМУЗЧУ ЗАМАНБАП КОМУЗЧУ ЗАМАНБАП КОМУЗЧУ

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться