Жер тоголок » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Жер тоголок

10/01/2019 “Жаңы күн” программасында актер, тамашоучу, сценарист, продюсер Рүстөм Аскенов конокто болду.



Коногубуз менен ал продюсерлик кылган “Жер тоголок” тасмасы тууралуу сөз кылдык.

Анын айтымында,  аталган тасмада мурдагылардан айырмаланып трагедиялуу учурлар да кездешет.

“Бул тасмада бизди түйшөлткөн, көп ойлондурган социалдык маселени козгоп чыктык. Жаштардын убактылуу сезимге азгырылып, жаңы төрөлгөн ымыркайларын балдар үйүнө же башка жерлерге таштап кеткенин көп угуп, көрүп эле келе атабыз. Бул көрүнүштү азайтуу үчүн башка ыкмаларды деле колдонсок болмок, бирок элге кино аркылуу жеткирүү эффективдүүрөөк деп ойлодук. ” – деди ал.

Тасмада башкы ролдорду Самат Эркинбеков, Кубаныч Курманбеков, Жеңишбек Сманов, Бактарбек Абдуразаков аткарышкан.  Кубаныч Курманбеков бир эле учурда актёрлукту жана режиссёрлукту да аркалаган.


Загрузка плеера...


Жер тоголок Жер тоголок Жер тоголок Жер тоголок

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться