Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин даярдоо курсунун студенттери арасында жүргүзүлгөн “ЛЯЛЯ-ФА” ыр сынагынын финалы 27-декабрда болуп өткөн.
Финалга өткөн алты катышуучунун ичинен “Курманбек” дастанынан үзүндү аткарган Айканыш Калыбек кызы жеңүүчү деп табылды.
Ага “Манас” университетин ректору, профессор-доктор Себахаттин Балжы, ректордун жардамчысы Хүсейин Өгүт жана катышуучуларды колдоп келген көрүүчүлөр катышты.
Ал эми калыстык милдетти сахна жылдыздары Юлия Руцкая, Жийдеш Идирисова, радио-тв мудүрү Бүлент Намал жана аталган конкурстун автору, “Манас” радиосунун алып баруучусу Шаризат Ибраева аркалашты.
Финалисттер; Мейликан Темирова, Жеңишбек Алмазбеков, Зарина Нурумова, Асадбек Тажибаев, Жазгүл Салидиновалар дагы өз талантын жогорку деңгээлде көрсөтүштү.
Аталган конкурстун финалдык бөлүгүн төмөндөгү шилтеме аркылуу көрө аласыздар.