Студенттердин кайрымдуулук демилгелери » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Студенттердин кайрымдуулук демилгелери



Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетинин коомчулук менен байланыш жана реклама бөлүмүнүн студенттери 9-октябрь күнү быйылкы 2018-2019-окуу жылында салтка айланып калган Кайрымдуулук тамак-аш жарманкесин уюштурушту. Жарманкеге студенттер менен факультеттин окутуучулары жасаган тамак-аштар сатылды.

Бул иш-чара менен коомчулук менен байланыш жана реклама бөлүмүнүн студенттери окуудагы теориялык билимин практикалык жактан бышыкташты.

Жарманкеден түшкөн каражатка үстүбүздөгү жылдын 26-октябрында Республикалык балдар онкология жана гемотология борборуна керектүү болгон дары-дармектер сатылып алынып, бейтаптардын ата-энелери жана борбордун жетекчилери менен дарыгерлерине тапшырылды. Ата-энелер жана дарыгерлер студенттердин мындай демилгелерине ыраазычылык билдирип, мындан аркы окууларына жана ишмердүүлүктөрүнө ийгилик каалашты. Ал эми студенттер балдардын ден соолугуна керектүү каражаттарды камсыздоо демилгелерин уланта берерин билдиришти.

Студенттерди “коомдук жоопкерчилик” сезимдерин ойготуу жана калыптандыруу максатында ушундай кайрымдуулук иш-чараларын уюштуруп, университеттин коомго социалдык жактан колдоо көрсөтүү стратегиялары ишке ашып келе жатат.

Белгилей кетсек, бул иш-чара дайыма окуу жылынын ачылышынын алкагында уюштурулуп келет.


Загрузка плеера...


Студенттердин кайрымдуулук демилгелери Студенттердин кайрымдуулук демилгелери Студенттердин кайрымдуулук демилгелери Студенттердин кайрымдуулук демилгелери Студенттердин кайрымдуулук демилгелери Студенттердин кайрымдуулук демилгелери Студенттердин кайрымдуулук демилгелери Студенттердин кайрымдуулук демилгелери Студенттердин кайрымдуулук демилгелери

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться