Жаш археологдор арасында карым-катнаш жана кызматташтык уланууда » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Жаш археологдор арасында карым-катнаш жана кызматташтык уланууда



13-декабрь Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде К.Ш.Табалдиев баштаган,тарых бөлүмүнүн 2-курсунун студенттери тарабынан даярдалган отчёттук иш-чара болуп өттү.

Иш-чарага КТМУнин, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинин жана Борбордук Азиядагы Америка университеттеринин археологиялык экспедицияга катышкан студенттери жана археолог окутуучулары катышышты.

Биринчи Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин студенттеринин  2018-жылдын июнь-июль айларында болуп өткөн Кочкор районундагы археологиялык экспедициясынын жыйынтык видеобаяны сунулду.

Андан кийин тарых бөлүмүнүн башчысы проф. др. Фахри Унан , гуманитардык факультеттин декан жардамчысы доц. др. Алпаслан Ашык археологиялык экспедициянын мааниси туурасында пикирлерин айтышты.

Экспедицияга катышкан студенттер Ж.Шамшиева менен Х.Күчүккурутлу экспедициядагы көз ирмемдери жана ойлору менен бөлүшүштү.

Бул иш-чаранын максаты жаш археологдор арасындагы тажрыйба бөлүшүү болуп саналат. Кыргыз Улуттук университетининин 5 студенти илимий баяндама менен чыгып сүйлөштү. Борбордук Азиядагы Америка университетинин антропология бөлүмү  Американын  Индиана университети менен биргелешип жүргүзгөн  казуу иштери боюнча маалымат берип, видео тасма көрсөтүштү.

Жаш археологдорго илимий-практикалык багытты көрсөтүп келе жаткан  проф. др. К.Табалдиев жалпы ойду корутундуулап келген коноктор менен “Манас” университетинин келерки жылдан тарта атайын археолог студенттердин илимий конференция уюштуруу маселесин сунуштап, колдоо тапты.  Гуманитардык факультеттин тарых бөлүмүнүн башчысы Фахри Унан Кочкор районундагы археологиялык экспедицияда көрсөткөн жигердүү ишмердүүлүгү үчүн студенттерге сертификат ыйгарды.

Иш-чара студенттердин Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин археологиялык-этнографиялык музей-лабораториясы менен таанышуусу менен жыйынтыкталды.

Жаш археологдор арасында карым-катнаш жана кызматташтык уланууда Жаш археологдор арасында карым-катнаш жана кызматташтык уланууда Жаш археологдор арасында карым-катнаш жана кызматташтык уланууда Жаш археологдор арасында карым-катнаш жана кызматташтык уланууда Жаш археологдор арасында карым-катнаш жана кызматташтык уланууда Жаш археологдор арасында карым-катнаш жана кызматташтык уланууда Жаш археологдор арасында карым-катнаш жана кызматташтык уланууда Жаш археологдор арасында карым-катнаш жана кызматташтык уланууда Жаш археологдор арасында карым-катнаш жана кызматташтык уланууда Жаш археологдор арасында карым-катнаш жана кызматташтык уланууда Жаш археологдор арасында карым-катнаш жана кызматташтык уланууда Жаш археологдор арасында карым-катнаш жана кызматташтык уланууда Жаш археологдор арасында карым-катнаш жана кызматташтык уланууда Жаш археологдор арасында карым-катнаш жана кызматташтык уланууда Жаш археологдор арасында карым-катнаш жана кызматташтык уланууда Жаш археологдор арасында карым-катнаш жана кызматташтык уланууда Жаш археологдор арасында карым-катнаш жана кызматташтык уланууда

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться