Кыргызстан-кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Кыргызстан-кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү

"Кыргызстан-кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү "аттуу кинофестивалдын ачылыш аземи болуп өттү.



12- декабрда Манас кинотеатрында Чыңгыз Айтматовдун 90-жылдык мааракесине арналган "Кыргызстан-кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү "аттуу кинофестивалдын ачылыш аземи болуп өттү.

   Кинофестивалда КМШ өлкөлөрү, Балтия  жана Грузиянын жаш кинематографисттеринин тасмалары көрсөтүлөт. Бул жылы фестивалга катышуу үчүн 500дөн ашуун арыз берилген, анын ичинен 29 тасма таңдалып алынган. Анын 15и улуттук конкурсунун тобуна кирсе, 14ү эл аралык конкурска кирет.

   Аталган фестивалдын улуттук конкурсунун көбү Манас университетинин студенттеринин тасмалары түзөт экен (8катышуучу).

     Ал эми катышуучулардын тасмаларына Сафар Хатдодов, Сатыбалды Нарымбетов, Рашид Маликов, Александр Соломонов жана Нурлан Абдыкадыров сыяктуу белгилүү кинематографисттер  баа беришет.

    Жеңүүчүлөрдүн тасмалары "Мыкты фильм", "Мыкты режиссура", "Жюринин байгеси", "Көрүүчүлөрдүн сүймөнчүгү"  аттуу номинациялар боюнча 15 - декабрда салтанаттуу аземде белгилүү болот.

 

Жазган: Жыпара Кубанычбек кызы

Кыргызстан-кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү Кыргызстан-кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү Кыргызстан-кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү Кыргызстан-кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү Кыргызстан-кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү Кыргызстан-кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү Кыргызстан-кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться