АЙТМАТОВДУ ОКУЙМ!!! » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

АЙТМАТОВДУ ОКУЙМ!!!

12-декабрь 1928-жыл. Бул күн кыргыз адабиятынын чолпон жылдызы, ааламдык жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү жана адабият күнү. Көзү тирүү болгондо залкарыбыз 90 жашка чыкмак. МедиаМанас продакшн студиясы 90 жылдыкты утурлай "Айтматовду окуйм" аталышындагы долбоорду мындан 1 ай мурун баштаткан эле.  



Арийне аталган долбоорго кызыккандардын саны арбын болду. Дагы да болсо уланып жаткан учуру. Кыргыз-Түрк Манас университетинин профессордук-окутуучулук курамынан тарта студенттерине чейин Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынан 1 минуталык үзүндүнү көркөм окуп, аягында "мен Айтматовду окуйм!" деген кайрылууну жасашты. Арийне мындай кыймыл бир эсе жазуучуну урматтоо болсо, экинчи жагынан жаштарды, келечек муунду адабиятка кызыктыруу болуп саналат. Төмөндө долбоордун алкагында окулган чыгарылыштардын бирин сунуштайбыз. Ал эми кененирээк көрүү үчүн МедиаМанастын ютубдагы каналына кириңиздер. 

 

Жылдызбек Турсунбаев


Загрузка плеера...


АЙТМАТОВДУ ОКУЙМ!!! АЙТМАТОВДУ ОКУЙМ!!! АЙТМАТОВДУ ОКУЙМ!!! АЙТМАТОВДУ ОКУЙМ!!! АЙТМАТОВДУ ОКУЙМ!!! АЙТМАТОВДУ ОКУЙМ!!!

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться