"ФЕНИКС" - АР БИР ЖАРАН ОКУЙ ТУРГАН КИТЕП » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

"ФЕНИКС" - АР БИР ЖАРАН ОКУЙ ТУРГАН КИТЕП

27-ноябрь Бишкетеги ири соода борборлорунун биринде "Феникс" аталышындагы жаңы китептин бет ачары болуп өттү. Ачылышка келген жаштар, чыгармачылык инсандар, маданият өкүлдөрү аталган эмгек менен жакындан таанышып, сатып алууга мүмкүнчүлүк алышты. Арийне эмне болгон китеп, мазмуну кандай, окурман журтчулугуна кандай пайда алып келет мына ушуларды билүү максатында китептин автору Кылыч Исамамбетовду жана акын Мирлан Самыйкожону "Жаңы күн" уктуруубузга чакырганбыз.



Уктуруунун алкагында Феникс китебинин жаралуу тарыхы, мазмуну, сапаты, окурмандардын бул китепти неге окуш керек экендиги тууралуу автор баяндап  берди. Негизинен Кылыч Исамамбетовдун 38 жашка чейинки башынан өткөргөн кыйын турмушу менен жетишкендиктери бүгүнкү күндөгү замандаштарынын көз карашы менен, аларга кайрылуу иретинде мемуар катары кылдат жазылып берилген. Китепти окуганда жеке эле бир адамдын бейнеси менен таанышып тим болбостон, мотивация дагы алууга болот. 

Ал эми Мирлан Самыйкожо эфирдик кебинде: китептин 10 миң тираж менен чыккандыгын, атайы 5 басмакананын колунан өтүп басылып чыкканын, сапат жагынан Кыргызстанда алдыңкы орунда тураарын, басуу, жарнактоо, сатуу, республика боюнча жеткирүү иштери боюнча өз-өзүнчө командалар иштеп жатканын, китептин ички мазмунунан ар бир адам өзүнүн тагдырын таба алаарын, окуп жаткан кезде эки китеп окугандай сезим калтыраарын айтып өттү.  

 

кененирээр маалымат үчүн төмөнкү шилтемеге кириңиз: 

https://www.youtube.com/watch?v=pL6V-dhkJ88

 

Жылдызбек Турсунбаев, МЕДИАМАНАС

 

"ФЕНИКС" - АР БИР ЖАРАН ОКУЙ ТУРГАН КИТЕП "ФЕНИКС" - АР БИР ЖАРАН ОКУЙ ТУРГАН КИТЕП "ФЕНИКС" - АР БИР ЖАРАН ОКУЙ ТУРГАН КИТЕП "ФЕНИКС" - АР БИР ЖАРАН ОКУЙ ТУРГАН КИТЕП

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться