Зуурага жардам! » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Зуурага жардам!

 

28-ноябрда Кыргыз – Турк “Манас” университетинин маданият борборунда окуу жайыбыздын  студенти Алдабекова Зуурага арналган кайрымдуулук концерти өтөт.



Кыргыз – Турк “Манас” университетинин маданият борборунда окуу жайыбыздын  студенти Алдабекова Зуурага арналган кайрымдуулук концертти окуу жайдын  студенттик кенеши уюштуруп жатат. Аталган кайрымдуулук концерттин коноктору: Кайрат Примбердиев, Аяна Касымова ,Толгонай Арзыкеева, «Маржан» тобу, Бек Исраилов,  Джонни жана Баястан. Кыргыз-Турк “Манас” университетинин маданият борборунда 28-ноябрь куну кечки саат 17:00до өтүүчү  бул концертке 50 сомдон жогору каалаган акчаны берип кире аласыз.

Буга чейин Зуурага жардам иретинде 19-ноябрь куну КТМУнун борбордук имаратында кайрымдуулук максатында тамак-аш жарманкеси болгон.Студенттик кенеш башкармалыгы тарабынан уюштурулган бул жарманкеге даярдоо курсунда окуган бардык студенттер катышты.Иш -чаранын сонунда тамак -аш жарманкесине активдүү катышкан студенттер мактоо баракчалары менен сыйланышты . Бул жарманкеден уюштуруучулар 17000 сом каражат топтолгондугун билдиришти.  Ушуга окшогон  жарманке  21-23-ноябрь  күндөрү КТМУнун Чынгыз Айтматов атындагы кампусунда уланды. Иш -чарага Бишкек шаарындагы бардык окуу жайдын студенттери катышты.


Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться