III республикалык “Карек” балдар жана өспүрүмдөр кинофестивалы жыйынтыкталды » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

III республикалык “Карек” балдар жана өспүрүмдөр кинофестивалы жыйынтыкталды

Кыргызстанда 16-ноябрь куну Бишкек шаарында “Манас” кинотеатрында балдарга арналган “Карек” кинофестивалынын сыйлык тапшыруу аземи болуп өттү.



Фестивалга баардык региондон  10 жаштан 17 жашка чейинки балдар катышып ,”Менин дүйнөм” же “Мен жана табият” деген тематикада тасмаларды тартышкан.Жалпысынан 45 тасма катышып,алардын 19у финалга  чыккан. 
    Фестивал тууралуу уюштуруучу Айбек Дайырбеков  төмөндөгүлөрдү айтты: “Биз бала кезибизде кино тартсак, аны кайсыл жакка алып барууну билчү эмеспиз.Ал эми азыркы балдарга бул фестиваль чоң мүмкүнчүлүк түзүп берип жатат.Ошондой эле, балдардын ой жүгүртүүсү ,идеалары өнүгүп жаткандыгын байкадык.Мисалы, тасмалар баштапкысына салыштырмалуу сапат жагынан өнүккөн.Андан сырткары балдар чоң режиссерлор кайрылбаган темаларды көтөрүп  чыгышууда.” 
      Сынакта “Мыкты көркөм  тасма”, “Мыкты анимациялык тасма”, “Мыкты режиссер”, “Мыкты актер, актриса” деген жана башка 10 наминациянын жеңүүчүлөрү аныкталды.Фестивалда Садык Шер-Нияз, Сүйүн Откеев, Алтынбек Максутов баш болгон Кыргызстандын белгилуу режиссер, актерлору калыстык кылышты. Кинолорду тандоодогу кыйынчылыктар тууралуу калыс, режиссер Алтынбек Максутов айтып берди: “Балдардын ар бир эмгеги баалуу.Алардын эмгегин текке кетирип албоо үчүн кылдаттык менен карайбыз.Бирок арасынан да мыктыларын аныктообуз керек.Ар бир номинациянын жеңүүчүлөрүн аныктоодо атайын жоболор, критерийлер менен аныктайбыз.Калыстар өз-өзүнчө бааларды берип, эң көп баа алганы жеңүүчү деп табылат.” 
      Учурдагы орчундуу көйгөйлөрдүн бири болгон социалдык тармак менен адам ортосундагы мамилени  чагылдырган 17 жашар Сезим Адранованын “Life” аттуу тасмасы “Мыкты көркөм тасма” наамын жеңип алды.Жеңүүчүлөр атайын сыйлыктар, статуэткалар, дипломдор менен сыйланышты. 
     Эскерте кетсек, кинофестиваль  Аймактарды өнүктүрүү жылына  жана Кыргыз киносунун күнүнө  арналган. 
             Жазган:Гулиза Абдибек кызы

III республикалык “Карек” балдар жана өспүрүмдөр кинофестивалы жыйынтыкталды III республикалык “Карек” балдар жана өспүрүмдөр кинофестивалы жыйынтыкталды III республикалык “Карек” балдар жана өспүрүмдөр кинофестивалы жыйынтыкталды III республикалык “Карек” балдар жана өспүрүмдөр кинофестивалы жыйынтыкталды

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться