Айыл чарбадагы инновациялык технологиялар » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Айыл чарбадагы инновациялык технологиялар

"Айыл чарбадагы инновациялык технологиялар" мына ушундай аталыштагы темада жарым саатан ашык маек "Жаңы күн" уктуруусунан орун алды. Бул сапаркы коногубуз Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин Айыл чарба факультетинин Өсүмдүктөрдү коргоо кафедрасынын башчысы Проф. докт. Тинатин Дөөлөткелдиева болду. 

 

 



Жеп жаткан нерсебиздин башаты бул ден соолуктуу өскөн өсүмдүктө экенин унутпашыбыз зарыл. Бул багытта жаңы ачылыштарды издеген эжекебиз, өзгөчө күнөсканаларда жетилген өсүмдүктөрдү оорулардан коргоо, тамырларынын кенен болушун, топурагынын бай болушун камсыздоо максатында долбоор жазып аны чет өлкөгө жиберген. Эл аралык деңгээлде 40 долбоор катышып анын ичинен 4 гана долбоор жактырылып грант бөлүнгөн. 2016-жылы мына ушундай жагымдуу жеңишке жеткен Проф.Докт. Тинатин Дөөлөткелдиева 2017-жылдын аягында сабырдуулук менен жеңип алган гранттык сумманы Кыргызстанга котортуп келүүгө мүмкүнчүлүүгү болгон.  

Андан соң атайы тендер жарыялоо жолу менен чет өлкөдөн өсүдүмктөрдүү коргоого, өнүктүрүүгө зор көмөгүн көрсөтчү жер семиркичти иштеп чыкчу биореактор аппаратын алдырып келип КТМУнун лабараториясына орноткон.

Мына аталган жабдыктын пайдалары, айыл чарбасындагы азыркы таптагы инновациялык технологиялар, биореактор жолу аркылуу иштелип чыккан жер семирткичти колдонгон учурда өсүмдүктүн мөмө берүүсү, жандануусу 5-6 эсе жогорулаган эффективдүүлүгү, дыйкандарга муну жеткире билүү керектигин, аны жеткирүүдө маалымат каражаттарынын аз болуп жаткандыгын маектин алкагында адисибиз айтып берди. 

 

МедиаМанас, Жылдызбек Турсунбаев


Загрузка плеера...



Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться