Ошто «Финансы кызматтарынын жеткиликтүүлүгү» аймактык форуму болду » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Ошто «Финансы кызматтарынын жеткиликтүүлүгү» аймактык форуму болду

Ош шаарында 2018-жылдын 11-октябрында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн колдоосу менен Улуттук банк тарабынан уюштурулган «Финансы кызматтарынын жеткиликтүүлүгү» деген аталышта аймактык форум болду.



Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылды Аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыялаган жарлыгынын алкагында уюштурулду.

Форумга Улуттук банктын жетекчилиги, Өкмөттүн Ош, Жалал-Абад, Баткен областтарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Жалал-Абад жана Баткен шаарларынын мэрлери, Ош областынын  райондорунун акимдери, Депозиттерди коргоо агенттигинин, Кыргызстан банктар бирикмесинин, Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун, «Гарантиялык фонд» ААКсынын, «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААКсынын, «Банктар аралык процессинг борбору» ЖАКтын, өлкөнүн коммерциялык банктарынын жетекчилиги жана жергиликтүү бизнес коомчулугунун  өкүлдөрү катышты.

Форумду Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов ачып берди. Төрага өз сөзүндө аталган иш-чара үч областтын бийлик органдарынын катышуусунда финансы институттары менен жергиликтүү бизнес коомчулугунун ортосунда натыйжаларды бере турган пикир алмашуу үчүн уюштурулуп жаткандыгын белгиледи. Ошондой эле, төрага аймактарда жашаган калкты жана ишкерлерди сапаттуу жана кымбат эмес жеткиликтүү финансы кызмат көрсөтүүлөрү менен камсыз кылуу жагында Улуттук банк өлкөнүн банк сектору менен биргеликте кабыл алынып жаткан чаралар жана иш-аракеттери тууралуу кыскача айтып берди. «Биздин алдыбызда финансы кызмат көрсөтүүлөрүнүн жеткиликтүү болушун камсыз кылуу милдети гана эмес, ошондой эле финансы кызмат көрсөтүүлөрүнөн пайдалануу суроо-талабын да камсыз кылуу милдети турат. Башка сөз менен айтканда, калкты банктык инструменттери менен колдонууга үйрөтүү, элдин ишенимин арттыруу зарыл», - деп белгиледи Толкунбек Абдыгулов.

                Катышуучулар аймактарды финансылык жактан өнүктүрүүнүн эң актуалдуу маселелерин талкуулашты. Ишкерлер иш-чарага катышып жаткан финансы институттарынын өкүлдөрүнө өздөрүн түйшөлтүп жаткан маселелерин ачык айтып, ортого салышты.

 

Ошто «Финансы кызматтарынын жеткиликтүүлүгү» аймактык форуму болду  Ошто «Финансы кызматтарынын жеткиликтүүлүгү» аймактык форуму болду  Ошто «Финансы кызматтарынын жеткиликтүүлүгү» аймактык форуму болду  Ошто «Финансы кызматтарынын жеткиликтүүлүгү» аймактык форуму болду  Ошто «Финансы кызматтарынын жеткиликтүүлүгү» аймактык форуму болду

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться