«Окутуунун технологиясы жана материал даярдоо» көргөзмөсү » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

«Окутуунун технологиясы жана материал даярдоо» көргөзмөсү

Студенттер көрзөмөгө дидактикалык материалдардын көп түрүн алып чыгышкан.



Университеттингуманитардык факультетинин педагогика бөлүмүнүн педагогикалык билим сертификат программасынын жана кесиптикжогорку мектебинин мектеп жашына чейинки балдарды тарбиялоо программасынын студенттери«Окутуу технологиялары жана дидактикалык материал даярдоо» курсунун алкагында көп түрдүү дидактикалык материалдарды даярдап, көргөзмө уюштурушту. Көргөзмө 2018-жылдын 14-майында гуманитардык жанаэкономика жана башкаруу факультетинин имаратынын фойесинде өткөрүлдү.

Бул иш-чаранын максаты - болочоктогу мугалим-окутуучуларга сабакта ѳтүлѳ турган темага байланыштуу дидактикалык материалдарды даярдоо жана пландаштыруу, окуучуларга теманы жеткиликтүү түшүндүрүү болуп саналат.

Студенттер көрзөмөгө дубал гезити, айланма такта, табышмак, карикатура, модель, макет, аудиокассета, видеотасма, фотографиялар жыйындысы, оюнчук сыяктуу дидактикалык материалдардын көп түрүн алып чыгышкан.

Гуманитардык факультетинин деканы, профессор Лайли Үкүбаева, Педагогика бөлүмүнүн башчысы,профессор Акматали Алимбеков жана көргөзмөнү уюштуруу комитетинин төрагасы, профессор Надир Челикөз көргөзмөгѳ катышып, ѳз пикирлерин билдиришти.

Иш-чаранын уюштуруучулары факультеттин башка студенттери жана окутуучуларынадаярдаган иштери тууралуумаалымат берүүдөн кубанычта болушту.

«Окутуунун технологиясы жана материал даярдоо» көргөзмөсү «Окутуунун технологиясы жана материал даярдоо» көргөзмөсү «Окутуунун технологиясы жана материал даярдоо» көргөзмөсү «Окутуунун технологиясы жана материал даярдоо» көргөзмөсү «Окутуунун технологиясы жана материал даярдоо» көргөзмөсү «Окутуунун технологиясы жана материал даярдоо» көргөзмөсү «Окутуунун технологиясы жана материал даярдоо» көргөзмөсү «Окутуунун технологиясы жана материал даярдоо» көргөзмөсү

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться