Кыргыз Фристайл » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Кыргыз Фристайл

“Кыргыз Фристайл” көчө футболунун негиздөөчүлөрү жана мүчөлөрү: Азамат Кадыров, Саламат Шакиров жана Табылды Мырзабеков жагымдуу маек тартуулашты.



“Бул кечте”прогаммасынын 11-майдагы чыгарылышында “Кыргыз Фристайл” көчө футболунун негиздөөчүлөрү жана мүчөлөрү: Азамат Кадыров, Саламат Шакиров жана Табылды Мырзабеков жагымдуу маек тартуулашты.

 

“7 күн бою түштөрүнө футбол кирген” балдар эфирде өздөрүнүн максаттары, келечектеги пландары, азыркы убакта алектенип жатышкан “Кыргыз Фристайл” жөнүндө кененирээк сөз кылып беришти. “Негизинен бул көчө футболун түзүү идеясы 2017-жылы келген. Европадагы көчө футболун көргөндөн кийин намыстанып, эмнеге биз деле мындай жасай албайбыз деп ойлондук. Карап көрсөк Казакстанда деле 2011-жылы башталыптыр.

Фристайл-бул эркин стиль. Футболду эркин ойноо дегенди түшүндүрөт. Көчө футболу Кыргызстанда мурун эле бар экен,бирок жайылтуу жагынан аксап келиптир. Бул себептен да көп адамдар бул тууралуу биле беришкен эмес. Баштаганыбызда коомчулук тарабынан абдан жакшы кабыл алынды. Биз көчө футболун видеого тартабыз да,андан соң монтаждап социалдык тармактарга жүктөйбүз. Азыркы учурда инстаграммдагы баракчабызда 7миңден ашуун жазылуучубуз бар (подписчик) Бирок видеолорубузду көргөндөрдүн саны 12-15миңге чейин жетет”

Ошондой эле команда мүчөлөрү алдыдагы пландары жана максаттары тууралуу  да бөлүшө кетишти. “Биздин максат фристайлды популЯРизация кылып Кыргызстанда өнүктүрүү жана бизде да ушундай таланттуу балдар бар экенин көрсөтүү. Пландарыбыз 2018-жылы мамлекеттер арасында футбол болот. Биздин кыскача роликтерибиз ар бир каналда кетип жатканын пландоодобуз. Учурда КТРК каналы менен келишим түздүк. Анан дагы казак туугандар менен буюса, фристайл футбол уюштурабыз деп жатабыз. Командабызда 7 адам бар Кыздардан жалгыз гана футболчу кызыбыз Айдана Оторбаева бар.”- кошумчалашты

 

Окуу менен футболду бирге алып жүргөн жигиттер менен эфир абдан кызык маанайда өттү Күйөрмандардан келген суроолорго шаңдуу жооп беришип эфирди күлкүгө бөлөштү.Аягында конокторго эркин микрофон сунулуп , Манас радиосуна ийгиликтерди каалап кетишти.

Жазган: Альбина Эсентурова

 

Кыргыз Фристайл Кыргыз Фристайл Кыргыз Фристайл

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться