12-майда Португалияда өткөн Евровидение сынагынын финалдык таймашында ийгилик Израиль мамлекетине ооду.
Баш байге "Хрусталь микрофонго " 25 жаштагы Нетта Барзилай ээ болду. Ал "toy" деп аталган ыры менен катыштыкан. Евровидениенин тарыхында бул жеңиш Израилдин төртүнчү жеңиши.
Алдыңкы 5 оорунга Израилден тышкары: Кипр, Австрия, Германия жана Италия кирди. Жеңүүчүлөр көрөрмандардын онлайн-добушу жана калыстардын баасы менен тандалды. Ыр-таймаш деңиз жээгиндеги "Атлис-Арена" комплексинде болуп өттү.
Кийинки жылы "Евровидение -2019" сынагы Иерусалимде өтмөкчү.
Жазган: Айсулуу Базаркулова