Эл аралык маданий таасирленүүдөгү түрк тили » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Эл аралык маданий таасирленүүдөгү түрк тили

25-февраль күнү Экономика жана башкаруу факультети тарабынан “Эл аралык маданий таасирленүүнүн лексикологияга болгон таасири: Түркия түркчөсү лексикологиясы мисалында” аттуу семинар болуп өттү.



25-февраль күнү Экономика жана башкаруу факультети тарабынан “Эл аралык маданий таасирленүүнүн лексикологияга болгон таасири: Түркия түркчөсү лексикологиясы мисалында” аттуу семинар болуп өттү.

Аталган семинар Экономика жана башкаруу факультетинин ага окутуучусу, доцент Мустафа Быйыклы тарабынан өткөрүлүп, Түрк тилдүү мамлекеттер анын ичинде өзгөчө селжуктар жана Осмон империясы доорунун маданиятынын тилге тийгизген таасирлеринин чагылдырылышы жана анын мааниси деген теманын тегерегинде талкуу жүрдү.

Анда доцент Мустафа Быйыклы түрктөрдүн көпкө созулган үстөмдүгүнүн натыйжасында отурукташкан аймак көп тармагынан өзгөрүүгө учураганын белгилеп, перстер менен арабдарга селжуктардын, арабдарга табигый шарттардын негизинде 400 жыл өкүм сүргөн Осмон империясынын таасиринен улам пайда болгон сөз байлыгына басым жасады. Ошондой эле тил маданияттын жана тарыхтын маанилүү негизин түптөөрүн, Танзимат доорунан баштап, XX кылымдын аягына чейин уланган түрк тили тууралуу талкуулардын натыйжасында жана жөнөкөйлөтүү аракеттеринин алкагында эски Осмон тилиндеги жана түркчөдөгү сөздөрдүн ордуна, батыш булактарынан келген сөздөрдүн колдонулуп баштаганы чоң жоготуу экендигин белгиледи. Азыркы учурда Осмон тилинин түркчөгө которулушунда бир топ көйгөйлөрдүн бар экендиги жана сөздөрдүн маанисинин өзгөрүлүп жатышы, Түрк тилдүү мамлекеттердин ортосундагы тилдик жакындашууга терс таасирин тийгизип жаткандыгын айтып, сөзүн жыйынтыктады.

Эл аралык маданий таасирленүүдөгү түрк тили Эл аралык маданий таасирленүүдөгү түрк тили Эл аралык маданий таасирленүүдөгү түрк тили

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться