“Прогрессивдүү кыргызстандыктар” клубунун негиздөөчүүлөрүнүн бири Нурлан Кыштообаев жана мүчөсү Малика Аманкожоева. » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

“Прогрессивдүү кыргызстандыктар” клубунун негиздөөчүүлөрүнүн бири Нурлан Кыштообаев жана мүчөсү Малика Аманкожоева.

“Ракурс” уктуруусунун бул чыгарылышында салттуу билимдер жана улуттук баалуулуктардын жаштарды тарбиялоодогу орду тууралуу сөз болду.



Уктуруунун жүрүшүндө Нурлан Кыштообаев клубдун түзүлүү тарыхы жана максаты тууралуу айтып берди.

“Клуб уюштурган программалардын максаты жеке эле стипендиялык колдоо эмес турмуштук тажрыйба жагынан сабак берип, устат катары колдоо көрсөтүү. Ошондой эле жаш муунду критикалык ой-жүгүртүүгө, алдыга план коюуга үндөө керек. Клуб көпчүлүк учурда көп балалуу үй-бүлөдөн чыккан, элеттик балдарга, жардамга муктаж өспүрүмдөргө жардам берүү менен алектенет. Азыркы учурда башка демилгечилер тарабынан дагы бизге окшогон клубдар ачылып жатат. Бул нерсе бизди кубандырат”- дейт Нурлан Кыштообаев.

“Ракурс” уктуруусун төмөндө толугу менен уга аласыз:

 


Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться