Резюме түзүү боюнча кароо-сынагынын жыйынтыгы чыкты » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Резюме түзүү боюнча кароо-сынагынын жыйынтыгы чыкты

«Студенттер аралык Резюме түзүү» боюнча кароо-сынагынын жыйынтыгы чыгып, сыйлык тапшыруу аземи 25-февраль күнү өттү.



Туризм жана мейманкана иштетүү жогорку мектеби тарабынан жарыяланган «Студенттер аралык Резюме түзүү» боюнча кароо-сынагынын жыйынтыгы чыгып, сыйлык тапшыруу аземи 25-февраль күнү өттү.

Студенттердин тапкычтыгын жана резюме түзүү жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрүү максатында уюштурулган кароо-сынакка 103 студенттин арасынан 119 резюме келип түшкөн. Белгилей кетсек, аталган сынакта бир эле студент бир канча эмгеги менен катышууга мүмкүнчүлүк алган.

Кароо-сынактын калыстар тобу төмөнкүчө түзүлүп: Туризм жана мейманкана иштетүү жогорку метебинин мугалимдери жана «Hyatt Regency Bishkek» кадрлар бөлүмүнүн башчысы Марина Казаковцева, «Damas» мейманканасынын башкы менеджери Максатбек Акылбек уулу, «Jannat» мейманканасынын кадрлар бөлүмүнүн башчысы Айжан Бекбоева жана «Каприз» мейманканасынын кадрлар бөлүмүнүн башчысы Зарема Токоева болушкан.

Сынакка келип түшкөн резюмелерди баалоо иши төмөнкү критерийлердин негизинде жүргүзүлгөн: 1) өзгөчөлүүлүк, тапкычтык 2) жагымдуулук, 3) дизайн, 4) мазмуну жана грамматика.

Жыйынтыгында 1-орунга Туризм жана мейманкана иши бөлүмүндө окуган 2-курстун студенти Акжолтой Шаршенбекова чыккан. Жеңүүчүгө сынактын демөөрчүлөрү «Вояж» пансионатына жай мезгилинде 2 кишиге 3 күндүк эс алуу белек кылышты.

Сыйлык тапшыруу аземинде университеттин ректору, профессор Себахаттин Балжы учурда туризм секторунда мындай кароо-сынактар актуалдуу болгондугу өтө маанилүү болуп жаткандыгын белгиледи.

Ал эми Туризм жана мейманкна иштетүү жогорку мектебинин мүдүрү Барыш Эрдем атаандаштык күч алып турган кезде кадимки классикалык резюме менен жумуш берүүчүнүн көңүлүн буруу өтө оор болгондугун жана мындай сынактардын керектигин айтты.

Ошондой эле «Дамас» мейманканасынын башкы менеджери Максатбек Акылбек уулу мындай кароо - сынактардын өтүп турганы жакшы саамалык болгондугун белгилеп: «Абдан таланттуу балдар көп экен араңыздарда, эмгектердин көбү мыкты денгээлде болгон. Албетте аракет кылчу студенттер дагы бар.», - деди. Ал эми «Вояж» пансионатынын өкүлү Зарина Арсланбекова аталган сынакка демөөрчү болгону үчүн кубанычта экендигин билдирип, студенттерге ийгилик каалады.

Сынакта 2-орунга Ресторан иши жана Кулинардык өнөр бөлүмүнүн 2-курсунун студенти Камила Кудайбергенова жана 3-орунга Саякат иши жана гид кызматы бөлүмүнүн студенти Асель Исмаилова татыктуу болушкан. 2-орунга ээ болгон студентке «Дамас» мейманканасына 2 кишилик кечки тамак, 3-орунга «Coffee» кофейнясы атынан сертификат тапшырылды.

Резюме түзүү боюнча кароо-сынагынын жыйынтыгы чыкты Резюме түзүү боюнча кароо-сынагынын жыйынтыгы чыкты Резюме түзүү боюнча кароо-сынагынын жыйынтыгы чыкты Резюме түзүү боюнча кароо-сынагынын жыйынтыгы чыкты Резюме түзүү боюнча кароо-сынагынын жыйынтыгы чыкты Резюме түзүү боюнча кароо-сынагынын жыйынтыгы чыкты Резюме түзүү боюнча кароо-сынагынын жыйынтыгы чыкты Резюме түзүү боюнча кароо-сынагынын жыйынтыгы чыкты Резюме түзүү боюнча кароо-сынагынын жыйынтыгы чыкты Резюме түзүү боюнча кароо-сынагынын жыйынтыгы чыкты Резюме түзүү боюнча кароо-сынагынын жыйынтыгы чыкты Резюме түзүү боюнча кароо-сынагынын жыйынтыгы чыкты

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться