Профессор Зомпетти “Эл алдында чыгып сүйлөө” аттуу семинарын сунуш кылды » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Профессор Зомпетти “Эл алдында чыгып сүйлөө” аттуу семинарын сунуш кылды

Джозеф Зомпетти “Эл алдында чыгып сүйлөө” аттуу семинарын сунуш кылды.



2018-жылдын 21-февраль күнү АКШнын Иллинойс мамлекеттик университетинин профессору, коммуникация боюнча адис, Фуллбрайт изилдөөчү Джозеф Зомпетти Кыргыз-Түрк “Манас” университетине келип, университетибиздин эки бөлүмү тарабынан уюштурулган (Котормо бөлүмү жана батыш тилдери бөлүмү) “Эл алдында чыгып сүйлөө” аттуу семинарын сунуш кылды.

Профессор Зомпетти университетте комуникация жана коомдук маселелер, классикалык риторикалык кеп жана саясий коммуникация боюнча лекцияларды окуйт. Мындан тышкары, профессор Зомпетти критикалык маданий изилдөөлүрдүн риторикасы жана жарандык жоопкерчилик тармагында да илимий иштерди жүргүзүп келет. Анын Theory and Critique аттуу эмгеги The Journal of Promotion Management, and Argumentation: An International Journal of Reasoning эл аралык журналында жарык көргөн. Ошондой эле профессор Зомпетти дебат алып баруу боюнча тажрыйбалуу адис катары таанылып, 30 жылдан ашык дебаттык чеберчилик боюнча сабак берет; дебат алып баруунун стратегиялары, критикалык кеп жана риторикалык суроолор боюнча 8 китептин автору, алардын ичинен: Discovering the World through Debate: A Practical Guide to Educational Debate for Debaters, Judges and Coaches (2nd ed) and Essential Readings on Rhetoric. Дебат алып баруу техникасы, эл алдында чыгып сүйлөө, коммуникация жана пропаганда темаларын камтыган эл аралык конференцияларга катышып, бир нече макалалардын автору болуп саналат.

Эл алдында чыгып сүйлөөнүн өзгөчөлүктөрү, тили, эрежелерине арналып, студенттердин сүйлөө жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга көп маалыматтарды камтыган семинар абдан кызыктуу өттү, семинардын аягында катышуучулар суроолорду берип, бир нече маселелер талкууга алынып, студенттер өз ой-пикирлерин билдиришти.

Профессор Зомпетти “Эл алдында чыгып сүйлөө” аттуу семинарын сунуш кылды Профессор Зомпетти “Эл алдында чыгып сүйлөө” аттуу семинарын сунуш кылды Профессор Зомпетти “Эл алдында чыгып сүйлөө” аттуу семинарын сунуш кылды Профессор Зомпетти “Эл алдында чыгып сүйлөө” аттуу семинарын сунуш кылды Профессор Зомпетти “Эл алдында чыгып сүйлөө” аттуу семинарын сунуш кылды Профессор Зомпетти “Эл алдында чыгып сүйлөө” аттуу семинарын сунуш кылды Профессор Зомпетти “Эл алдында чыгып сүйлөө” аттуу семинарын сунуш кылды Профессор Зомпетти “Эл алдында чыгып сүйлөө” аттуу семинарын сунуш кылды Профессор Зомпетти “Эл алдында чыгып сүйлөө” аттуу семинарын сунуш кылды Профессор Зомпетти “Эл алдында чыгып сүйлөө” аттуу семинарын сунуш кылды

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться