“Бүгүнкү ааламдашкан дүйнөдөгү Чыңгыз Айтматовдун адабий жана маданий мурасы” аттуу эл аралык илимий- практикалык семинар КТМУ гуманитардык факультети жана көркөм өнөр факультетитарабынан биргелешип уюштурулган.
Залкар жазуучубуз Ч. Айтматовдун 90жылдыгын белгилөөгө арналган иш-чарага замандаштары, искусствого эмгек сиңирген ишмелер,окумуштуулар жазуучунун карындашы Роза Айтматова келишти.
Президенттик аппараттын атынан келип сөз сүйлөгөн жазуучу Султан Раев КТМУи улуу жазуучунун 90жылдыгын белгилөөгө арналган маанилүү иш-чараларды алгачкылардан болуп уюштуруп жатканына ыраазычылык билдирди.
Залкар жазуучунун карындашы Роза Айтматова “Манас” радиосунун түз эфиринде конок болуп, угармандарга университетте өткөн бугүнкү иш-чаранын абдан маанилүү экендигн баса белгиледи. “Ракурс” уктуруусуна улуу жазуучубуздун карындашы Роза Айтматова, Кыргыз эл акыны Гулсайра Момунова, филология илиминин доктору, профессор Лайли Үкүбаева катышышты.